Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 09:15
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Президент көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду

19.07.2024 11:51
385
Президент көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.


Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 12-июнда кабыл алынган. 


Ага ылайык, эми оккультизм-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды көрсөтүүчү жактарды жарнамалоого жол берилбейт. Максаты — тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, элдин башын айландырууну жокко чыгаруу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн