Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент биринчи кезекке милдеттендирилген курулуштардын ишке ашырылышын талкуулады

06.08.2020 17:36
974
Президент биринчи кезекке милдеттендирилген курулуштардын ишке ашырылышын талкуулады


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Урматбек Кокочаров пандемия шартында аймактардагы жаңы ооруканалардын курулушунун жана ооруканалардын эски имараттарын капиталдык реконструкциялоонун, мектептердин авариялык абалдагы имараттарын ремонттоонун жүрүшү боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыга койгон пландары тууралуу маалымат берди.

Мамагенттиктин директорунун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүнүн алкагында 1105 койкага эсептелген 9 ооруканада капиталдык ремонт жүргүзүлүп жатат, Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез тургузулуучу материалдар менен 270 койкага эсептелген эксперименталдык ооруканалар курулууда.

Азыркы тапта курулуш иштери толук кандуу жүрүп жатат, объектилерди кыска мөөнөттүн ичинде куруп бүткөрүү пландаштырылууда. Бул долбоорлорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражат каралган.

Президент аймактарда ооруканаларды куруу жана ремонттоо боюнча долбоорлорду буга чейин бекитилген мөөнөттө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Тоолуу аймактардагы алыскы айылдар фельдшердик жана акушердик пункттарга (ФАП) өтө муктаж. Коронавирус инфекциясынын азыркы абалын эске алуу менен ФАПтарды куруу маселесине өзгөчө көңүл буруу керек.

«Курулуш тармагын санариптештирүү максатында „Бирдиктүү терезе“ жаңыланган камсыздоо программасы иштелип чыгып, 54 облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына киргизилген. Муну менен өлкө жарандарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылат», - деп маалымдады мамагенттиктин директору.

Президент бул тармакты санарипке өткөрүү ишин тездетүүнүн маанисин белгиледи.

«Санариптештирүү кызмат көрсөтүү жана жарандарга уруксат берүү чөйрөсүндө адамдык факторду азайтат, бул өз кезегинде Мамлекеттик курулуш комитетинин ишиндеги коррупциянын деңгээлин кыйла төмөндөтөт», — деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн