Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:19
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

02.11.2023 09:11
2240
Президент маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Президент Садыр Жапаров бүгүн маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Маданият кызматкерлеринин күнүндө улутубуздун уникалдуу баалуулуктары менен нарк-насилин даңазалаган маданий мурастарыбыз, чыгармачыл дараметибиз белгиленет. Маданият жана искусство – каада-салтты, аны менен кошо элибиздин келечекке умтулууларын чагылдырган коомдун күзгүсү.

Көркөм өнөр чеберлери улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда жана сактоодо маанилүү роль ойноорун коомчулук жакшы билет. Сиздер элибиздин үрп-адатын, руханий маданиятын жана тарых-таржымалын тереңден түшүнүүгө, ошону менен катар социалдык-маданий байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болуп келесиздер. Өз ара түшүнүшүүгө жана дүйнө бейпилдигине көмөкчү болуу менен бирге ар кыл маданияттар, ар түрдүү улуттар ортосуна көпүрө болуп, алака-мамилени чыңдайсыздар.

Маданий шедеврлерди жараткан кыргыз искусствосу дүйнөлүк маданияттын казынасына зор салым кошуп келет. Кыргыз жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн, артисттеринин, кинематография өкүлдөрүнүн ысымдары чет өлкөлөрдө дагы кеңири белгилүү.

Биз сиздер менен – ажайып сүрөттөрдү жараткан кыл калем ээлери, жан дүйнөнү эс алдырган музыканттарыбыз, турмуш агымын дал ошондой кылып ойногон актерлорубуз жана жашообузга көрк берип, бизди шыктандырган чыгармаларды жараткан бардык таланттарыбыз менен сыймыктанабыз.

Бүгүнкү күндө мамлекет маданият тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан таланттуу жаштарды колдоого алууда. Маданият тармагынын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоону да колго алууда.

Маданий мурастарды сактоо жана калыбына келтирүү, маданий баалуулуктарды толуктоо, маданият уюмдарын маалыматташтыруунун техникалык каражаттары менен камсыз кылуу жана башка чаралар каралган “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлык чыкканын да жакшы билесиздер.

Урматтуу маданият өкүлдөрү, кадырлуу өнөрпоздор!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.

Жан дүйнөбүздү байытып, жашообузду жарык кылган чыгармачылыгыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин жараткан эмгегиңиздер, маданий мурастарды сактоого жан үрөгөн күч-аракетиңиздер жана чыгармачыл идеяларыңыздар жүрөгүбүздө өчпөс из калтырарына терең ишенем.

Талыбас эмгек менен талантыңыздар ташкындай берсин!

Кыргызстандын маданиятын көтөрүүгө багытталган ишмердигиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн