Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбеков мас абалындагы видео боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.
"Мен актанайын деген оюм жок. Бүгүн президент катышкан соттордун кеңешинде көрсөтүлгөн видео 2020-жылдын 4-июлунда тартылган. Ишемби күнү болгон. Жумушчу күн эмес эле. Видеону президентке жеткирген адамдар аман эле болсун. Ал убакта менин кесиптештерим коронавирус менен катуу ооруп жаткан. Мага жеңил болгон эмес",- деди Оңолбеков.
Пикирлер (1)