Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президент менен премьер-министр жума сайын өлкөдөгү эпидкырдаалды талкуулап турмакчы

27.07.2020 18:00
691
Президент менен премьер-министр жума сайын өлкөдөгү эпидкырдаалды талкуулап турмакчы


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов менен өткөргөн онлайн-кеңешмеде медиктерди коргоочу каражаттар, жабдуулар жана тамак-аш менен камсыз кылуудагы кемчиликтерди токтоосуз түрдө четтетүүгө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөлөрүнө өз маалында кенемте төлөөнүн, ошондой эле эл аралык гуманитардык жардамдарды аймактар боюнча тегиз бөлүштүрүүнүн, маалыматтарды санарип форматка өткөрүүнүн, аймактарды зарыл дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.

«Аймактардагы дарыканаларды медикаменттер менен камсыздап, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) базасында алардын зарыл корун түзүү керек. Өкмөт бул багытта тийиштүү иштерди жүргүзүшү зарыл», - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле аймактардагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан сырткары, ал коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында жаңы окуу жылына даярдык көрүү процессине өзгөчө көңүлүн буруп, өкмөткө авариялык абалдагы мектептердин оңдолуп-түзөлүүсүн ар дайым көзөмөлдөп турууну сунуш кылды.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле бюджеттик каражаттарды биринчи кезектеги долбоорлорго — эски ооруканаларды жана авариялык абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөгө, райондук борборлордогу жолдорду курууга багыттоонун маанисин белгиледи.

Ирригациялык тутумдарды куруу жана калыбына келтирүү, санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, Патрулдук милицияны реформалоо жана башка долбоорлорду улантуу зарылдыгын эске салды.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Боронов менен апта сайын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча онлайн-кеңешме өткөрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн