Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жарлыктарына кол койду

18.06.2020 08:51
1320
Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жарлыктарына кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына  ылайык:

Темиралиев Таалайбек Асанбекович Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — КР министри болуп дайындалды;

Айдарбеков Чынгыз Азаматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, тышкы иштер министри болуп дайындалды;

Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, ички иштер министри болуп дайындалды;

Жаманкулов Марат Тургунбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, юстиция министри болуп дайындалды;

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, финансы министри болуп дайындалды;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, экономика министри болуп дайындалды;

Чодуев Эркинбек Урайымович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды;

Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды;

Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;

Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;

Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикаснын саламаттык сактоо министри болуп дайындалды;

Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды;

Кочкоров Улукбек Тойчубаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;

Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Тердикбаев Эрлис Жекшенович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды;

Исмаилов Алтынбек Жапарович Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн