Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент өлкөдөгү реформаларга колдоо көрсөтүп келе жаткан Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди

31.08.2024 13:43
226
Президент өлкөдөгү реформаларга колдоо көрсөтүп келе жаткан Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди


Бүгүн, 31-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар борбор калаанын Ала-Тоо аянтындагы башкы тууну көтөрүү аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Салтанатта мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөдөгү жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу кеңири баяндама жасап жатып, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди.

“Биздин орчундуу чечимдерибизди, мыйзам долбоорлорубузду жана башка реформаларды кечиктирбестен, куру кыйкырык кылбастан, ыкчам кабыл алып берип, колдоп келе жатасыздар. Жыйынтыгында экономикабыздагы, ички жана тышкы саясатыбыздагы иштер тездик менен алдыга жылууда”, - деди президент.

Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянтындагы жаңыланган туунун бийиктиги 100 метрди түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн