Кулжа 26, 2024
Убакыт: 07:27
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Президент өлкөгө кирген жарандарды тыкыр текшерүүнү тапшырды

23.04.2020 08:38
888
Президент өлкөгө кирген жарандарды тыкыр текшерүүнү тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер талкууланды.

Мамлекет башчысы кабыл алынган чаралар коронавирус инфекциясынын өлкөнүн бардык аймагына кеңири жайылып кетишин токтотуп, оорунун очокторун жоюуга мүмкүнчүлүк бергендигин белгиледи.

Ал коопсуздукту камсыз кылууда, жарандардын саламаттыгы менен өмүрүн коргоодо, ошондой эле илдеттин андан ары жайылышына жол бербөөдө болгон күчүбүз жана каражаттарыбыз менен жер-жерлердеги коменданттарга ар тараптуу көмөк көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков блокпосттордо кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын жеке коргоочу жана башка зарыл болгон каражаттар менен толук камсыз кылууга көңүл бурду.

Эпидемиологиялык кырдаалга жараша коюлуп жаткан талаптар жумшарса, өлкөнүн чек ара аймактарына көзөмөлдү жана өлкөгө кирген жарандарды талаптагыдай текшерүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн