Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду

28.04.2020 18:23
1046
Президент өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.


Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.


Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана  Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн