Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Муну менен министрлер кабинети отставкага кетти деп эсептелет. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.
«Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлердин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну жаңы курам түзүлгөнгө чейин улантышат», - деп айтылат расмий маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн