Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:28
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Президент: "Эмгек акы, пенсия сыяктуу социалдык төлөмдөр убагында аткарылышы керек"

16.03.2020 16:48
752
Президент: "Эмгек акы, пенсия сыяктуу социалдык төлөмдөр убагында аткарылышы керек"


Мамлекет тарабынан эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер аткарылышы зарыл.


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-мартта каржы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алуу учурунда билдиргендей, бюджетти үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбошу керектигин айтты.


Бактыгүл Жеенбаева донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн