Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Президент шайлоо босогосу тууралуу оюн билдирди

20.02.2020 11:58
633
Президент шайлоо босогосу тууралуу оюн билдирди



Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып парламенттик шайлоодогу 9%дык чек боюнча өз пикирин билдирди. Өлкө башчысы аталган чекти депутаттар демилгелеп, көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен  кабыл алынганын эске салды. “Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген пикирлер айтылууда. 9 пайызды демилгелеп, аны колдогондордун оюн эске алсак, негизги аргумент – партияларды ирилештирүү максаты болгон. Ооба, бул зарылдык, муктаждык. Бирок буга саясий күчтөр даярбы? Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз бул – биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол. 5 жана 3 пайызды айткандар «жаштарга мүмкүнчүлүк берели» деген, элдин кулагына жага турган аргументтерди айтууда. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат”, - деди президент.


Ошондой С.Жээнбеков учурда Жогорку Кеңеште пайыздык чек боюнча мыйзам талкууланып жатканын, бул маселени депутаттар чечерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн