Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президент шайлоо күнү Түркмөнстанга иш сапары менен барат

27.11.2021 20:46
579
Президент шайлоо күнү Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын басма сөз кызматы билдирет.


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында 28-ноябрда өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле, Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат.


Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн