Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 10:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президент соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун түзүүнү сунуштады

05.08.2022 14:21
659
Президент соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун түзүүнү сунуштады

«Сот системасында орун алган көйгөйлөрдү чечүү үчүн соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун түзүү зарыл», - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта, Жогорку сотко барып, судьялар менен жолугушуусунда.


Мамлекет башчысы сот тутумунда кыска мөөнөттө бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын, көптөн бери күткөн реформаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.


«Ошону менен бирге жарандык коомчулукта жана карапайым калк арасында байма-бай айтылып жүргөн, нааразычылык жараткан орчундуу фактылар да аз эместигин белгилейм. Алардын айрымдарына кыскача токтолуп кетейин. Сот тутумундагы тергөө судьяларынын ишмердүүлүгү көп нааразычылык жаратууда. Мыйзамдын талабына ылайык, тергөө судьясынын эң негизги милдеттери – бул тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун тергөө иштерине көзөмөл жүргүзүп, алардын мыйзамдарды кыйгап өтүп, аша чабуусуна жол бербей, адам укуктарын коргоо болуп саналат. Бирок ошондой болсо дагы, бүгүнкү сот тутумундагы тергөө судьялары өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын толук пайдаланбай, тергөө органдарынын жеке кызыкчылыгындагы өтүнүчтөрүн, талаптарын канааттандырган инстанцияга айланып бараткандыгы байкалууда», - деп белгиледи Садыр Жапаров.


Президент айыпталуучунун баш коргоо чарасын тандоодо, мыйзамдуу негиздер болсо дагы, күрөө аркылуу баш коргоо чарасын колдонуунун ордуна тергөө органы сураган баш коргоо чарасын тандоо менен чектелип калганын мисал келтирди.


Мамлекет башчысы белгилегендей, дагы бир баса белгилеп кетүүчү маанилүү маселелердин бири – бул соттук ишти кароо мөөнөттөрүнүн бузулушу. Мындай терс көрүнүштөргө кароодогу иштердин мөөнөттөрү боюнча талдоо жүргүзүлбөгөндүгү жана соттук ишти кароо мөөнөттөрүн бузган судьяларга карата тиешелүү чаралар көрүлбөгөнү себеп болууда.


«Мындай жагдайларга негизинен төрагалардын алсыздыгы, өз милдеттерин так аткарбагандыгы, уюштуруучулук иштеринин канааттандырарлык эместиги түрткү болуп жатат. Буга мисал катары алсак, сот отурумдары өзү орточо эсеп менен бир сааттан ашпайт. Бирок кийинки отурумдун аралыгы ар кандай себептер менен бир жумадан бир айга чейинки убакытка дайындалып, кыска убакытта эле карап бүтүрүп коюучу иштин мөөнөтү жүйөөсүз созулуп кетип жатат. Ушундай иш алпарган судьялардын үстүнөн даттануулар ачык-айкын каралбай, ар түрдүү шылтоолор менен тиешелүү тартип чаралары көрүлбөгөндүктөн, жарандарыбыздын күмөндүү жана негиздүү нааразычылыктары жаралууда. Ошондой эле судьялар тараптардын атаандаштык принцибин сактабай, айыптоо тарабынын, тергөөнүн материалдарынын негизинде гана чечим чыгарып калгандыгы дагы ачуу чындык! Мындай көрүнүштөр, албетте, нааразычылыктарды күчөтөт! Атаандаштык принцибинин негизинде айыпталуучунун күнөөсү далилденбесе, ага карата актоо өкүмү кабыл алынат. Ошондо гана тергөөнүн сапаты жогорулап, мыйзам талабына ылайык болот деп эсептейм», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.


Президент жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүүнүн бир жолу катары соттордун ишмердүүлүгүн баалоо институтун ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Себеби ар бир соттун иши объективдүү жана ачык-айкын бааланса, аларга карата сый же жаза чаралары акыйкаттуу колдонулат.


Мамлекет башчысы дагы бир белгилеп кетүүчү жагдайга токтолду. Бул соттордун чечимдеринин чабал аткарылышы. Айрыкча жарандык иштер боюнча аткарылбай калган чечимдер 70 пайыздан жогору.


«Жылдар бою соттошуп, чыгарылган чечимдер аткарылбаса, тараптардын тынчын алган маселе аягына чыкпаса, сот бийлигине да, жалпы аткаруу бийлигине да, президент катары мага дагы жарандарыбыздын ишеними болбойт?! Жогоруда айтылгандар сот тутумундагы көйгөйлөрдүн чакан бир бөлүгү жана аларды чечүү убактысы эчак келип жеткен! Ушул жерде айта кетүүчү нерсе, мына мыйзам чыгаруу укугуңуздар бар. Соттук иштерди кароодо кандай кемчиликтер бар ичинен билесиздер. Ошондуктан биргелешкен аракет менен коомду өзгөртө ала тургандай сунуштарды бериңиздер», - деп кошумчалаган президент бул көйгөйлөрдү чечүүдө Жогорку соттун ролу өтө маанилүү чоң экенин белгиледи.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн