Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 21:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Президент топтогон каражатын коронавирус менен күрөшүүгө берген балдарга планшет тапшырды

01.09.2020 09:50
909
Президент топтогон каражатын коронавирус менен күрөшүүгө берген балдарга планшет тапшырды


Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон ыктыярчы-балдар 31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына карата өткөрүлгөн Бишкек шаарынын борбордук «Ала Тоо» аянтындагы иш-чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө берген балдар менен баарлашты.


"Силердей патриот, жакшы окуган, илим-билимдүү, ыймандуу балдарыбыз көп болсо, мамлекетибиздин келечеги кең болот. Силер — биздин мамлекеттин келечегисиңер. Кудайым тилегиңерди берсин, бардыгы тең ишке ашсын", — деди Сооронбай Жээнбеков.


Мамлекет башчысынын атынан балдарга планшеттер белекке берилди. Сооронбай Жээнбеков тапшырылган белектер балдарга өлкөнүн жаркын келечегинин кепилдиги болгон санарип технологияларды жакшылап  өздөштүрүүдө жардам берерине үмүт кылды.


Өлкөнүн көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоосунда президент бул кыйын күндөрдө чоң күчкө ээ болгон эң кичине ыктыярчылардын жардамын белгиледи. Биздин элибизде «алам» дегенден, «жардам берейин» дегендер көп экенин баса белгиледи.


Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан сегиз бала — мектеп окуучулары сыртта калбай, чоңдор менен катар эле өз каражаттарын пандемия менен күрөшүү үчүн беришкен.


Алар: Элиза Бейшекеева (10 жашта), Руслан Дашков (6 жашта), Мустафа Каипов (12 жашта), Нуртилек Абасканов (10 жашта), Батырхан Наматов (8 жашта), Аделина Ныязакунова (11 жашта) Алан Дайыров (6 жашта) жана Жандос Дуйшеев (14 жашта). 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн