Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:51
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Президент унду жеткирүүчүлөр үчүн жеңилдик каралган мыйзамды четке какты

27.05.2020 11:36
1161
Президент унду жеткирүүчүлөр үчүн жеңилдик каралган мыйзамды четке какты


“Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун  президент Сооронбай Жээнбеков четке какты.


Жогорку Кеңештин бүгүн, 27-майдагы жалпы жыйынында долбоор боюнча Экономика министрлиги баяндама жасады. Анын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору демилгеленген.


Ал импортердун өзү тарабынан иштетүү үчүн арналган дандын импортун жана импортер тарабынан өндүрүлгөн дандан унду жеткирүүчү үчүн кошумча нарк салыгынан 5 жылга бошотууну караштырган.


Мыйзам долбоору апрель айында Жогорку Кеңеш тарабынан 3 окууда тең кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок бул жеңилдиктер Казакстандын ЕАЭБдин коллегиясына кайрылуусуна байланыштуу жана бул уюмга мүчө мамлекеттер тарабынан бул жеңилдиктер тоскоолдук катары табылган. Кыргызстан бул мыйзамды кайталап киргизүүдө деп табышкан. Мындан улам бул жеңилдиктер жокко чыгарылган. 


Ушундан улам бул мыйзамга президент каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарылып берилип, мыйзамды четке кагуу сунушталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн