Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президент жана Министрлер Кабинетинин төрагасы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү көздөбөйт

14.12.2023 11:25
301
Президент жана Министрлер Кабинетинин төрагасы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү көздөбөйт


Президент Садыр Жапаров дагы, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров дагы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу Акылбек Жапаров 14-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.


Буга чейин депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин деңгээлин министрликтин деңгээлине көтөрүүнү сунуштаган.


«Министрлик кылабыз, бирок кадрлар начар болсо, анда болбой калат... Жаш кадрды алып келдик – Нурдан Кемелович. Келерки жылы курулушка көп каражат сарптайлы деп жатабыз. Эгерде ал жакшы иштесе, анда биз анын статусун көтөрүүгө даярбыз. Бирок менин жеке пикирим, министрликтердин саны көп. Бизден алда канча чоң өлкөлөр азыраак министрликтер менен иштешет», - деп жооп берди министрлер кабинетинин башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн