Жогорку Кеңештин Конституциялык комитети Кыргыз Республикасынын президенти менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам долбоорун карады.
Аталган комитеттин жетекчиси Канат Керезбеков билдиргендей, комитет долбоорду биринчи окууда колдоп, парламенттин кароосуна жөнөттү.
Депутаттардын тобу сунуштап жаткан мыйзам долбоордо шайлоодогу партиялардан талап кылынган чекти 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү, күрөөнү 5 млн сомдон, 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы жокко чыгаруу сунушталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн