Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:41
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Президент жарлыкка кол койду. Эки элчи кызматтан бошотулду

26.10.2024 11:05
268
Президент жарлыкка кол койду. Эки элчи кызматтан бошотулду


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев менен республиканын Өзбекстандагы өкүлү Муса Жаманбаев кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.


Бактыбек Аманбаев бул кызматка 2021-жылдын апрелинде келип, былтыр августтан тарта Канададагы өкүлчүлүктү кошо аркалай баштаган. Ал эми Жаманбаев 2022-жылдын апрелинен бери элчи болуп иштеп келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн