Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президент жетекчилерди аймактарда коронавирус менен күрөштү күчөтүүгө чакырды

04.06.2020 18:04
1087
Президент жетекчилерди аймактарда коронавирус менен күрөштү күчөтүүгө чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы «өзгөчө абал алынды» деп, бошоңдоп калбай, талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин баса белгиледи.

«Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен, санитардык талаптарга байланыштуу чектөөлөр алынган жок. Ар кандай маалымат тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат», - деп билдирди президент.

Ал жеке коргонуу каражаттарын сөзсүз колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, ишканаларды дезинфекциялоо талаптарынын катуу сакталышы мэрлерге жана облус жетекчилерине жүктөлгөндүгүн эске салды. Республикалык штаб менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү зарыл.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине көңүл бурду.

«Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү — жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел», - деп жыйынтыктады президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн