Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:39
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президент жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарын реформалоонун жүрүшү менен таанышты

26.08.2020 17:15
1289
Президент жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарын реформалоонун жүрүшү менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-августта, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо маселелери жана коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланды.

Тамерлан Ибраимов реформанын жыйынтыктары Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын иши жана Ош шаарынын милициянын Патрулдук кызматын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын кызматкерлери 2020-жылдын 1-январынан тартып 31-июлга чейинки мезгилде «102» линиясы боюнча 34 миңден ашуун чакырууну тейлегендиги белгиленди. 2020-жылдын 7 айында коомдук жайларда «изин суутпай» издөө боюнча 320 кылмыш ишинин жана миңден ашуун жоруктардын бети ачылган. Жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 85 миңден ашуун протокол түзүлгөн, анын ичинде транспорт каражаттарын мас абалында айдагандар — 1498.

2020-жылдын 16-мартынан тарта Ош шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын 219 кызмат ордуна сынак жарыяланган. Бирок коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу сынактык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү токтотулган. Кырдаал турукташкандан кийин сынактык иш-чаралар жандандырылган.

Сынак жарыялангандан баштап бардыгы 497 талапкер арыз жана рапортторду беришкен: алардын ичинен 264 талапкер жарандык жаштар болуп саналат.Тестирлөөнүн, ден соолугунун даярдыгы жана баарлашуунун жыйынтыгы боюнча 129 талапкер тандалып алынган, алар тиешелүү окууга жиберилет.

Ош шаарында милициянын Патрулдук кызматы үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ишке кириши күтүлүүдө. Тандалып алынган талапкерлер кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Тамерлан Ибраимов 2021-жылы өлкөнүн башка аймактарында милициянын Патрулдук кызматын түзүү иштери башталарын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыз кылган бөлүмдөрүн реформалоонун жакшы натыйжаларын канааттануу менен баса белгиледи.

Жаңы кызматтын иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирген иамлекет башчысы бул жакшы тажрыйба республиканын бардык аймактарына тарашы керектигин — келечекте милициянын Патрулдук кызматы ири шаарлардан баштап, айылдарга чейин өлкөнүн бардык региондорунда кызмат өтөшү зарылдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков милициянын Патрулдук кызматына эң мыкты жана булганбаган талапкерлерди тандоого милдеттүү сынак комиссиясынын мүчөлөрүнүн калыс жана ачык-айкын иш алып баруусунун маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн