Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ыктыярчы У.Насыкулов президент менен жолугушууда кандай маселелер көтөрүлгөнүн айтты

21.07.2020 15:38
985
Ыктыярчы У.Насыкулов президент менен жолугушууда кандай маселелер көтөрүлгөнүн айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков ыктыярчылар кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. 


Бүгүн, 21-июлда Ак үйдө өткөн жолугушууга коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштерине көмөктөшүп жаткан ыктыярчылардын тобу чакырылган. 


Алардын бири жарандык активист Урмат Насыкулов жолугушууда көптөгөн ыктыярчылар максималдуу түрдө курч суроолорду беришкенин билдирип, жолугушуунун жакшы жана терс жактарын атады. 


"Жолугушууда эң негизгиси позициябызды жана пикирибизди эркин айта алганыбыз болду. Көптөгөн ыктыярчылар максималдуу түрдө курч суроолорду беришти. Чыгып сүйлөө жана суроо берүүгө чектөө коюлган жок. Көптөгөн сын пикирлер айтылып, курч маселелер көтөрүлдү. Кошоматчылык болгон жок, баары ачык айтылды. Коомчулукту чындыгында тынчсыздандырган маселелер көтөрүлдү", - деди ал. 


Ошондой эле, Урмат Насыкулов жолугушууда күбө болгон терс жактарга дагы токтолду. 


"Мага президент тараптан конкреттүүлүк жана реалдуу чечимдер жетишсиз болду. Көпчүлүк айтып жаткан маалыматтык боштук бар экени сезилип турду. Радикалдуу реформаларды жасоого болгон умтулуу бар экенин көрө алган жокмун", - дейт Насыкулов. 


Ошодой эле, ыктыярчы жолугушууда карантин учурунда аракетсиздик, дарыгерлерге компенсация төлөө, аймактарга жардам берүү, гуманитардык жардамдардын мамлекеттик органдар тарабынан колдонулушу, экономиканы жана ишкерчиликти колдоо, дарыгерлерге кысым көрсөтүү, журналисттерди, блогер жана активисттерди куугунттуктоо, эпидемиянын экинчи толкунуна даярдык маселелерине байланышкан суроолор берилгенин белгиледи. 


Ыктыярчы Урмат Насыкуловдун президентке жолдогон суроолору: 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн