Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Президенттен ак илбирске улуттук жаныбар статусун ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылышты

23.10.2023 14:00
242
Президенттен ак илбирске улуттук жаныбар статусун ыйгаруу өтүнүчү менен кайрылышты


Айлана-чөйрөнү коргоо менен алектенген бир катар уюмдар ак илбирске улуттук жаныбар статусун берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышты. Бул тууралуу Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча Глобалдык программа билдирди.


Кайрылууда ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, бул маселе боюнча биргелешип кызматташууга даяр экендиктери айтылат.


«Улуттук жаныбарлар маданияттын жана табияттын символу, сыймык жана эл аралык таануу булагы болуп калган Индия, АКШ жана Кытайды кошкондо башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдарына таянып, бул демилге барган сайын актуалдуу болуп баратат», - деп айтылат билдирүүдө.


Алардын айтымында, ак илбирсти республиканын улуттук жаныбары катары таануу бийик тоолуу экосистеманын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча чараларды күчөтүүгө, экологиялык туризмди өнүктүрүүгө жана курчап турган чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган өлкө катары Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө жардам берет.


Демилгеде ошондой эле ак илбирстин Кыргызстандын экосистемасы үчүн мааниси баса белгиленип, анын башка түрлөрдүн тең салмактуулугун жана жашоосун сактап калуудагы негизги ролу айтылган.


Жаратылышты коргоо өкүлдөрү мамлекет башчысы кайрылууну карап, ак илбирстин пайдасына чечим чыгарат деген үмүттө.


Кайрылуу бүгүн, 23-октябрда белгиленүүчү Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата жасалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн