Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чек арага убактылуу зым тартуу керек, - Досбол Нур уулу

03.06.2020 13:23
1149
Чек арага убактылуу зым тартуу керек, - Досбол Нур уулу


Чек ара бул - мамлекеттин эң ыйык маселеси. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору Досбол Нур уулу “Медиа центр” мультимедиалдык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Баткендин так ошол такталбай келе жаткан Ак-Сай айылынын кулуну катары абалды абдан жакшы билем. Бул жердеги көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекет башчысы өзү кийлигишип, бардык маселени токтотуп туруп, кошуна өлкөлөрдүн президенттери менен жолугуп, сүйлөшүп алуусу керек”, - деди ал.

Досбол Нур уулу белгилегендей, чек араны тактоо өтө татаал процесс. "Чек ара боюнча иш жүргүзгөн атайын комиссиянын жыйынтыгы коңшу өлкөлөрдүн башчылары менен ийри отуруп, түз кеңешип, талкууланышы зарыл. Азыр эки тараптын өлкө башчылары убактылуу президенттин указы жана макулдугу менен чек арага зым тартуусу керек. Комиссия иликтеп аягына чыкканча убактылуу чек ара такталып турат, аны Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүү абзел. Ошентип убактылуу болсо да чек ара чийини иштеп турат. Бул кадам менен чыр-чатактардын убактылуу алдын алса болот. Себеби чек ара көйгөйү эң жаман дартка айланып, башка өлкөлөр аңдып турат, дүйнөлүк масштабдагы жаңжалдын чыгып кетүү коркунучу жаралышы мүмкүн”, - деп кошумчалады Досбол Нур уулу.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн