Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президентти кыйын кырдаалда биргеликте колдойлу

30.04.2021 12:09
1291
Президентти кыйын кырдаалда биргеликте колдойлу


Менимче Кыргызстандын бийлиги бүгүн бүт аракетин жумшап, чек арадагы чырды оң жагына чечүү үчүн бар күчүн аябай иштеп жатат. Мени сүйүнткөнү Президенттин кандай буйругу болбосун аткарууга даярбыз дешип элибиздин патриот инсандары өлкөбүздүн чегин коргоого, керек болсо ошол жерде кашык каны калганча бекем туруп, мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого бел байлап жатышканы. Мен да запастагы офицер катары так ошол алдыңкы саптагы жердештеримдин катарына турууга даярмын! Элибиздин тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгү мен үчүн барынан ыйык!

Ардактуу Баткендеги журтташтарыбыз! Сиздер бүгүн жалгыз эмессиздер! Артыңарда калдайган кыргыз эли турат!
Дагы бир белгилей кетчү нерсе Президент Садыр Жапаров мырзаны да башкы командачы катары өлкөбүздүн патриот жарандары менен бирдикте учурда толук колдойм жана ар бир буйругун аткарууга даяр экенимди билдирем! Урматтуу Кыргызстандыктар, азыр барыбыз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туугандай ынтымакта бололу!
Бизге бирөөнүн жери керек эмес, ал эми өзүбүздүкүн эч кимге бербейбиз!!!

Шайырбек Абдырахман, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн