Караңгылыкты жарык кылгысы келген түнкү эшик алдындагы жаркыраган лампочканы чарк айланган шайтан көпөлөктөр… Булар лампочканын жарыгын башкалардан кызгангандай, коругандай туталанып жүрүшөт. Алар үчүн лампочканын эч кереги жок, анын жарыгы гана керек. Жарык жалп өчөрү менен шайтан көпөлөктөрдүн чарк айланганы токтойт.
Жаңы тарыхыбыздагы Кыргызстанды башкарган Акаев, Бакиев, Атамбаевдин түбүнө жеткен негизги нерсе да бул чарк айланган кошоматчылык жана «ляппайлар» болду. Буларды бири-биринен кызганып, алардын алдында сөзү өтүмдүү, өздөрү таасирдүү болгусу келген «көпөлөктөр» бүгүн деле саясий аренада. Ал эми Акаев 15 жылдан бери Москвада, Бакиев 10 жылдан бери Минскиде Ала-Тоону көргөнгө зар. Атамбаев абакта. Булардын «жарыгын» башкалардан кызганып келгендер учурда башка «жарыкты» айланып турушат.
“Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” дейбиз. Андыктан эми Акаев, Бакиев, Атамбаев кылычын кайда чапса дагы, биринчиси 1991-2005, экинчиси 2005-2010, үчүнчүсү 2011-2017-жылдардагы убактыларын кайрыйт албайт. Бүгүнкүдөй тагдырга туш болбош үчүн алар дал ошол убактыларында жарыгын кызганган, көзүн будамайлаган шайтан көпөлөктөрдү өзүнөн алыс кармашы керек эле. Ишти сөз менен эмес, ишти жыйынтык менен көргөзгөн кадрларды тандап, реалдуу реформаларды жасашканда алардын орду төрдө болмок. Ошондо бийликтен кеткенден кийин кылычтарын оңду-солду чапкылап, аттын башындай армандарын айтып отурушпайт болчу.
Мурдагы президенттердин тагдыры учурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө сабак болуп жатабы? Талылуу суроо ушул.
Президенттин ниетинде, аракетинде кынтык жок. Бирок, азыр айтып койбосок, эртең кеч, дагы деле чарк айланган көпөлөктөрдүн курчоосунда калды. Мамлекеттин ар тараптуу өнүгүшү - кадр саясатынан көз каранды. «Кадрлар баарын чечет!» деп 1935-жылы эле И. В. Сталин көзгө сайгандай айтып койгон. Президент Сооронбай Жээнбековдун командасындагы кадрлар кандай иштеп жатат?
Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди алалы. Мамлекет башчысы анын талапкерлигине бекеринен токтолбосо керек эле. С. Жээнбеков өзү премьер-министрлик кызматты аркалаганда чогуу өкмөттүн курамында болгон. Ошондон улам ага ишеним арткан. Бирок, Абылгазиев жүүнү бош жетекчи гана эмес, өтө ири суммадагы коррупциялык ишке да катыштыгы бардыгы тууралуу кеп-сөздөрдү артынан ээрчитти. Өткөн 2019-жылы анын бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» ишканасынын (түзүлгөнү менен али иштей элек ишкананын) директорунун орун басары катары январь айынан май айына чейин эле жалпы 972 миң сом айлык алганы ызы-чуу жараткан. Иштебей жаткан ишканадан эле беш айдын ичинде миллионго чукул айлык акы алганын коомчулук кандай кабылдашы керек? Кокус ал ишканада иштеп жаткан болсо, анда айына миллиондон айлык акы алат беле? «КТ Мобайлдын» түзүлүшүн премьер-министр Абылгазиев да катуу колдогон. Көрсө, ал ошондо бажасынын баласына айлыгы чоң кызмат орун даярдап бериш үчүн эле аракет кылган болобу? Бул ишкананын техникалык директору болгон Николай Дмитриенко ишкана менен 2018-жылдын 26-27-декабрында келишим түзүп, кызматка алынат дагы, арадан 3-4 күн өтпөй 31-декабрда 105 миң сом айлык акы алат. 3-4 күндө 105 миң акы алса, анда ал айына канча алышы керек эле? Бул жагдай парламентте ызы-чуу жаратканда Мухаммедкалый Дүйшөкеевич «Мен бажамдын баласы ал ишканада иштей турганын башында билбептирмин да» деп кутулган.
Жакында эле премьер-министрдин дарегине байланыштуу кызык фактыны Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айтып чыкты. Кепти башынан айталы, 20-майда Ж. Акаев парламент отурумунда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланыштуу коррупцияга Абылгазиевдин катыштыгы бар болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында Темир Сариев премьер-министр кезинде 15 МГц жыштык аукциондо 1 миллиард 500 миң сомго сатылган. Ал эми учурдагы премьердин убагында 200 МГц болгону 700 сомго сатылып кетип жатат. «Премьер-министрдин уруксаты жок мындай болушу мүмкүн эмес. Андыктан күч органдары бүгүнкү күндө буга өкмөт башчысынын катыштыгы бар-жогун иликтөөгө киришүүсү керек», - деген Жанар Акаев. Анан дагы ал ага чейин ошондой эле лицензияны башка уюлдук операторго 900 млн долларга беришкенин, ал эми 200 МГЦ жыштыкты мыйзамды бузуп, аукцион жарыялабай, конкурсу жок эле казакстандык компанияга берип салышканын кошумчалаган. Демек, М. Абылгазиевдин убагында 900 млн долларлык жыштык аукциону жок эле 700 сомго сатылып кетип жатабы?
Өкмөт башчынын маалымат кызматы «Муну Жанар Акаевдин абийирине койдук» деп жооп берген. Андан кийин Жанар мырза Абылгазиевдин ошол жыштыкты 700 сомго алган казакстандык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушканы тууралуу да айтты. Демек, өкмөт башчынын бул маселеде катыштыгы бардыгына чындап эле шек жаралып турат. Коррупцияга негиздүү шек жаратып жаткан премьер-министр мамлекет башчысынын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрбөй коебу?
2018-жылы мамлекет башчысы тарабынан эң сонун демилге көтөрүлүп чыкты эле – ротация тууралуу. Бирок, бул демилге Ысык-Көлдүн губернатору болуп келген Узарбек Жылкыбаевди Ошко губернатор, Акылбек Осмоналиевди Ысык-Көлгө губернатор кылып дайындоо менен эле токтоп калды. Андан бери эки жыл убакыт өттү, президенттин айланасындагылардын бири дагы «Сооронбай Шарипович, ротация маселеси бар эле» деп эскертип коюшкан жок. Президенттин оозунан чыккан убадаларды эскертип туруу президенттик аппараттын башчысы жана анын кол алдындагылардын түздөн-түз милдети эмес беле.
Коррупцияга каршы күрөштү да мамлекет башчысы катуу чыгынып баштаган. Коопсуздук кеңешинин жыйынында да өтө катуу айткан болчу. Бирок, андан кийин бул куру эле кыйкырык болуп калды. «Коррупцияга каршы күрөштөн казынага баланча каражат кайтарылды» деген эле цифралар менен иш жүрүп жатат. Бирок, мурдагыдай эле коррупция жайкала «жашоосун» улантууда. Райым Матраимовдун мүлктөрү текшериле турганы да убадаланган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин финпол текшерүүнү аягына чыгалек. Ага караганда Кубанычбек Жумалиевдин мүлктөрүн саналуу күн ичинде эле санап чыга калышты. Ошондо коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат деп айтабыз? Бул күрөш «Баланча суммадагы каражат атайын эсепке которулду» деген куру маалымат менен жүрбөшү керек. Бул күрөш коррупциянын тамырына өрт коюу менен жүрүүсү маанилүү. Мамлекеттик кызматта туруп байып алуунун арты жаман экенин ар бир чиновник көкүрөгү менен туюп жашай тургандай болушу шарт. Эмнегедир Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коопсуздук кеңешинин жыйындарында коюлган талаптардын аткарылышын толук көзөмөлдөй албай жатат. Балким андай каалоосу жок. Эртең бул күрөштүн жыйынтыгын эл Дамир Сагынбаевден эмес, президенттен сурайт. Ошондо балким Атамбаевдин убагындагыдай тандоо жолу менен күрөш жүргөн деген айыптоолор да президенттин гана дарегине айтылат. Анда Дамир Сагынбаевдин бар-жогу да билинбей калышы мүмкүн.
Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты. Анан социалдык түйүндөрдө мамлекет башчысынын 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы «Мени түндө уктап жатканда да ойготуп сурасаңар, маселенин кандай чечилиши керек экенин айтып берем» деп айтканын мисал кылып, «Президентти ойготуп койгулачы» деген маалыматтык чабуулдар жасалды. Бирок, президенттин маалымат кызматы бир козголуп койгон жок. «Эч нерсе уккан жокмун, эч нерсе көргөн жокмун» деген түр жаратты. Болбосо, президенттин маалымат-саясатын жүргүзө турган бөлүмү бар, алар мамлекет башчысынын дарегине байланыштуу ар бир олуттуу жагдайларга чагылгандай тездик менен реакция жасашы керек эле. Анын ордуна жадакалса президенттин сүйлөй турган сөзүнөн да ката кетирип отурушат.
Президенттик аппараттын башчысы кызматынын деңгээлин Досалы Эсеналиев маалымат катчысынын деңгээлине чейин түшүрдү. Иш-чараларда президенттин атынан барып сүйлөп коет, ошол гана ага жетиштүү сыяктуу. Болбосо, аппараттын бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөп, ар кандай жагдайга өтө тездик менен реакция жасоону талап кылуу, президенттин демилгелерин улам эскертип туруу, жаңы идея-сунуштарды берип турууну колго алса болбойт беле.
Дагы деле мурунку тапталып калган «трафарет» менен жашап жатабыз. Президент кайсыл жакка бара турган болсо, ошол жакта шашылыш асфальт төшөлүп, көчөлөргө суу чачылып, шыпырылып, жыйналып калат. Муну менен мамлекет башчысы өзүнүн айлана-тегерегиндегилердин «туткуну» болуп калды. Мамлекеттеги иштерге ошолордун көзү менен баа берилет. Коррупцияга каршы күрөш ордунан жыла албай жатканын, өкмөт башчы өзү ири коррупцияга шек жаратып калганын, элдин жашоосу чынында оорлошконун (буга пандемия да себеп), 2017-жылга салыштырмалуу элдин бийликке ишеними кыйла төмөндөп кеткенин, эгер азыртадан элдин ишенимин кайра көтөрүүнү колго албаса, анда 2023—жылга чейин абал өтө оор болуп калышы мүмкүндүгүн президенттик аппараттын тартып койгон «көшөгөсүнөн» сырткары бир карап коюу – учур талабы болуп турат. Канткен менен өлкө башчысынын баштаган жакшы иштери сөзсүз аягына чыгышы керек. Бул үчүн анын командасы күнү-түнү иштеши зарыл.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн