Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Президентти социалдык тармак аркылуу шылдыңдаган адамга кылмыш иши козголду

20.04.2021 09:01
10012
Президентти социалдык тармак аркылуу шылдыңдаган адамга кылмыш иши козголду



Жиззах облусунун Бахмал районунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди социалдык тармак аркылуу  шылдыңдаган адамга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Газета.уз" сайты жазды.


Маалым болгондой, 1969-жылы Бахмал районунда туулган жаран В.К., YouTube жана Facebook социалдык түйүндөрүндө аккаунттарды ачып, ушул аккаунттар аркылуу интернетте ар кандай темада түз эфирде чыгып сүйлөгөн.


Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Эске салсак, жакында эле өзбек президентин шылдыңдаган адамга карата чара көрүлөрү мыйзам түрүндө кабыл алынган.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Тажикан
Президентти шылдындаганга эч кимдин акысы жок!
Мир
Ушулардын президентиндей болгондо сеники кана,тилекке каршы жондомсуз кокус келип калган адам.Алыска апарбайт президентин.
Кумуш
Кыргызстанда да ошондой мыйзам кабыл алыныш керек. Соз эркиндиги десе эле биздин эл чектен чыгып кетти. Ооздугу жок аттай эле, туурабы, туура эмеспи анырандап суйлой беребиз.
Аида
Туура айтасыз, мен дагы кошулам сиздин созунузго.
Рыспек
Туура. Биз критика менен каралоонун "граньын" билбей калдык. Токтотуш керек мындайды.
Адина
Туура бизде да ошондой мыйзам кабыл алыш керек,безпредел болуп кетти токтотуш керек