Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Президенттик Аппарат өкмөттүн отставкасы тууралуу маалыматка пикирин билдирди

21.04.2020 22:16
1129
Президенттик Аппарат өкмөттүн отставкасы тууралуу маалыматка пикирин билдирди


Президенттик Аппараттын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Наргиза Мансурова өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу айың-кептер боюнча пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүндө жарандарды жалган маалыматка ишенбөөгө чакырган. Н.Мансурованын кайрылуусун өзгөртүүсүз сунуштайбыз:


-       Мамлекеттик бийликтин бардык күчү коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жумшалып жаткан учурда жалган маалымат таратпоого чакырабыз.


КР Премьер-министринин, Өкмөттүн кызматтан кетиши жана өлкө Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер тандалышы мүмкүн экендиги тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды таратпоого чакырабыз.


Учурда бардык мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттери толугу менен коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган.


Буга окшогон ушак-айыңдар бирөөлөр аркылуу атайылап жасалып, акыркы күндөрдө жайылтылып жатат деп ойлойбуз.


Ошондуктан саясий чөйрөнү жана массалык маалымат каражаттарынын бардык болгон күч-кубатын мамлекеттик органдардын инфекцияга каршы күрөшүүсүнө жардам берүүгө багыттоого чакырабыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн