Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президенттик администрация мамлекет башчысынын жана элдин ишенимин актаар администрация боло алабы?

19.05.2021 12:23
1227
Президенттик администрация мамлекет башчысынын жана элдин ишенимин актаар администрация боло алабы?

18-майда мамлекет башчысы Садыр Жапаров президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерин дайындады. Бул жолку кызматтык дайындоолор алдаканча салмактуу, олуттуу болгонун моюнга алуу керек. Соцтүйүндөрдө кыйкырык салгандар, ар кандай адам чогулган жерлерде эле популисттик билдирүүлөр менен жүргөндөр, «парашюттан» секиргендер бул ирет байкалган жок. Дээрлик бардык дайындоолордо билими, тажрыйбасы, ишке дилгирлигине басым жасалганы билинип турат.


Мисалы, президенттик Администрациянын Президенттин протокол кызматынын жетекчилигине дайындалган Муса Жаманбаев 20 жылдан ашык убакыттан бери карай мамлекеттик кызматта тажрыйба топтоп келаткан кадр. Ал адегенде тышкы иштер министрлигинин протокол кызматында катчы-референт болуп эмгек жолун баштаган. Андан кийин ошол эле министрликтин протокол кызматында атташе, премьер-министрдин протокол кызматында референт, протокол кызматынын жетекчиси, жетекчисинин орун басары, өкмөт аппаратында эл аралык кызматташуу жана протокол кызматынын жетекчи орун басары, Убактылуу өкмөттүн аппаратында эл аралык бөлүмүндө эксперт, Жогорку Кеңештин аппаратында эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн жетекчи орун басары, протокол жана паспорт-визалык камсыздоо кызматынын жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2017-жылдын 9-декабрынан тарта президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы кызматын аркалап келаткан. Демек, бул жаатта анын өтө чоң тажрыйбасы бар.


Президенттик Администрациянын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Махамаджан Иминов да чоң тажрыйбага ээ. Ал кыргыз өкмөтүнүн аппаратында укуктук жактан камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы кызматын 2008-жылы аркалап, 2012-жылы өкмөттүн аппаратынын укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон. 2016-2017-жылдары Юстиция министринин орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.


Президенттик Администрациянын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган Кудайберген Базарбаев өкмөттүн аппаратын, БШКны жетектеген, маданият министринин орун басары, социалдык өнүктүрүү министри сыяктуу үлкөн кызматтарды аркалаган тажрыйбасы бар.


Айтор, президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жаңы дайындалган жетекчилеринин басымдуу бөлүгүнүн тажрыйбасы бай. Муну алардын өмүр таржымалдарынан карап алсак болот. Болгону президенттин маалыматтык саясатын жүргүзүү, журналисттер, ММК өкүлдөрү менен кызматташа турган өкүлдөрүн дайындоодо пресс-релизди мыкты жазат деген тыянакка гана таянуу бир аз чекилик сыяктуу болуп турат. Президенттин ишмердүүлүгүн коомчулукка өз деңгээлинде, убагынан кечиктирбей жеткиликтүү жеткирүүдө бул кызматтардын мааниси чоң. Андыктан ал кызматтарды аркалаган кадрлардын да журналистика чөйрөсүндө байкалаарлык салмагы болгону маанилүү. Басма сөздө, же теле-радио, интернет-сайттарда иштеп, маалыматтык саясатты ийне-жибине чейин өздөштүрүп алган тажрыйбалуу кадрлар президенттик Администрацияда тиешелүү бөлүмдөрдү жетектеп турса, бул биринчи кезекте президенттин утушу болмок.


Кандай болгон күндө жаңыдан түзүлгөн президенттик Администрациянын ишине ийгиликтерди каалайбыз. Кынтыкты ар бир иштен, ар бир кадамдан издесе табылат. Андыктан азырынча сын айтуудан алыстап, жаңы Администрациянын ишин колдоп туруу маанилүү. Калганын убакыт көрсөтөт.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн