Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Президенттик аппарат "Мыйзамдуулук үчүн" жүрүшкө чыккандарды элди алдабоого чакырды

04.01.2021 08:57
938
Президенттик аппарат "Мыйзамдуулук үчүн" жүрүшкө чыккандарды элди алдабоого чакырды

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов ар жекшемби сайын “мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүнө” чыккан адамдардын талаптары боюнча түшүндүрмө берди.


«Жөө жүрүшкө катышкандардын айтылган бардык талаптарга мамлекет тарабынан жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди. Анын ичинде жеке талапкерлердин шайлоо процессине катышуу мыйзамдуулугу жөнүндө да маалымат берилген. Буга байланыштуу мен митингдин уюштуруучуларын атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу менен коомчулукту адаштырбоого чакырам. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн, кимдир бирөөгө административдик кысым көрсөтүү ыкмаларына жол берилбейт. Президенттин аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык органдардын башчыларына шайлоо процессине кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө толук көрсөтмөлөрдү берди.

Ачыгын айтканда, учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, деструктивдүү күчтөр өлкөнү солкулдаткысы келет. «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы» деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары коомго туура эмес маалымат берүүнү токтотушу зарыл. 10-январда эл чагымчылардын артынан ээрчибестен, өз тандоосун жасашы керек», — деди Нургазы Анаркулов.


Эскерте кетсек, бүгүн 3-январда жарандык активисттер  нааразылык акциясына чыгышты. “Мыйзамдуу өлкө”, “Референдумга жол жок” деп ураан чакырып турушту. Жүрүштүн катышуучуларынын пикиринде, Башмыйзамды өзгөртүү учурда иштеп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузат. Сунушталып жаткан жаңы долбоор өлкөдө бийликти бир кишинин колуна чогултуп, демократиянын өнүгүүсүнө доо кетирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн