Кыргызстан – өтө уникалдуу мамлекет. Ашынган уникалдуулугу жагынан алып караганда дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкө. Карап көрүңүз, өлкө экономикасы өтө жарды, суверендүү өлкө болгонубузга 29 жыл болсо дагы «Мына биз ушундай бийиктикке жетиштик» деп ооз толтура мактана ала турган ишибиз бололек. Союз маалында курулган-завод-фабрикалардын баарын темир-тезек кылып сатып жибергенбиз. Колхоз-совхоздорду таратып, сарайларды талкалаганбыз. Маданият тармагын, адабият жаатын таптакыр унутканбыз. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары кыйроо алдында эле туруп калганын пандемия шарты далалдеди. 29 жылда бир жаңы шаар курмак турсун, бир көзгө басаар атамекендик өндүрүштүк ири ишкана кура албадык. Кудай берген кен байлыктарыбызды да өзүбүз иштете албай, чет элдик шылуундарга тарттырып келебиз.
Алыс барбай эле биз менен бирдей эле убакытта эгемендикке жетишкен коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстанды алалы. СССРден бөлүнүп чыккан кезибизде Кыргызстандын абалы деле ушул коңшуларыбыз менен бирдей эле. Азыр Казакстан экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында. Нурсултан аттуу жаңы көз жоосун алган борбору бар. Заңгыраган, заманбап имараттарын көрүп көз кубанат. Эл аралык деңгээлде кадыр-барктуу мамлекет болду. Казак боордошторубуз да ошого жараша баштарын бийик көтөрүп басып жүрүшөт.
Коңшулаш Өзбекстан да СССРден калган мал-мүлкүн талатып-тонотпостон сактап калган. Экономикасы туруктуу жакшы абалда. Кыска убакыт аралыгында эле кыргыздар жашаган Манас айылын заманбап кылып кайра куруп салганын билебиз. Андан кийин суу сактагыч жарылып, каптап кеткен бир айыл толугу менен кайра жаңы стилде курулган үйлөр менен камсыздалып калганын көрдүк.
Демек, бул мамлекеттер туруктуу өнүгүү жолунда. 29 жылдан бери Казакстан да, Өзбекстан да болгону экинчи гана президенти менен жашап жатат. Нурсултан Назарбаев 2019-жылы өз каалоосу менен бийлигин Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Андан кийин президенттик шайлоо аркылуу Токаевдин бийлиги бекемделди. 2016-жылы Ислам Каримов жалган дүйнө менен кош айтышканына байланыштуу Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын бийлик башына келди. Бул өлкөлөрдө туруктуулук, стабилдүүлүк бекем сакталууда. Натыйжасы жемиштүү болуп келет.
Ал эми Кыргызстандын бийлик башына 29 жылда – Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров жана Мамытов келди. Демек, биз учурда жетинчи мамлекет башчысынын доорунда жашап жатабыз. Өкмөт башчылардын санынан баш адашат. Натыйжасы – өлөсөлүү экономика, гүлдөгөн коррупция, анархия, кылмыштуулук, маданиятсыздык, билимсиздик, уят-сыйыттын жоголушу болду.
2011-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин саны 80ден ашып дүйнөгө дүң болгонбуз. Эми 2021-жылдагы президенттик шайлоого ат салышуу үчүн документтерин тапшыргандардын саны 63кө жетти. Алардын арасында бейөкмөтчүлөрү, куудулу, студенти, шоумени, өзүн-өзү кудай санаганы, алтургай бекерчилери да бар. БШКга тапшырылган документтерге таянсак, 63 талапкердин 20сы бекерчилер экен. Ырас, алардын арасында кече жакында эле депутаттык мандатын өткөрүп бергендер, министрлик кызматтан кеткендери да бар. Бирок, көбүнчөсү «Бекер отурганча президенттикке талапкер боло турайын» дегендер болуп жатканы өкүнүчтүү. Өзүнүн үй-бүлөсү жана дос-тууганынан башка эч ким тааныбагандар да талапкер болуп алышты. 6 миллиондон гана ашкан калкы бар мамлекетти башкарууга 63 талапкер чыгып жатканы – бул трагикомедия. Бөлө келсек, ар бир 100 миң кишиге бирден президент болгусу келгендер чыгып жатат. Ал эми 329 210 630 сандагы калкы бар ири держава АКШдагы президенттик ат салышууга болгону эки гана талапкер катышты – биринчиси аракеттеги президент Дональд Трамп, экинчиси Джозеф Байден.
Бул көрүнүштүн өзү биздин элдин аң-сезиминин, билиминин, маданиятынын, дүйнө таанымынын өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин көрсөтүп турат. Ар ким өз колунан келген жумушту жасагандын ордуна, баары эле креслого отурууну каалап калышты. Дүйнө эли бизди шылдыңдап карап турушат. Дагы качанкыга чейин мындай шылдыңга кабылып жүрө берерибиз белгисиз. Качан ар кимибиз өз дараметибизге жараша ишибизди кылганга үйрөнөрүбүз белгисиз. Качан арыбызга келип, качан намысыбызды ойготобуз? Мамлекет башчысы кызматына жетүү үчүн жетиштүү тажрыйбасы барларга жол бошотуп, ошолорго тоскоолдук жаратпай колдоо кылып турсак гана өнүгүү болорун өзүбүз деле түшүнгүдөй болдук. Кайра-кайра президент алмаштыра берүүдөн, талапкерлигибизди ар бирибиз кое берүүдөн өнүксөк, анда эмдигиче Кыргызстан дүйнөдөгү алдыңкы өлкө болушу керек эле.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)