Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президенттик шайлоо дегендерди көргөн сайын көңүл чөгөт...

04.11.2020 16:27
700
Президенттик шайлоо дегендерди көргөн сайын көңүл чөгөт...

Сөз жүзүндө парламенттик өлкөдө жашап жатканыбыз менен бизде амбициялуунун баары Премьер министр болгусу келбей, Президент болууну самашат. Эмне үчүн?!

Анын себеби, биз Конституциясыз жашап жатканыбызда. Же болбосо, Конституцияга башкаруу боюнча айрым маанилүүү маселелер атайылаппы же капысынанбы жазылбай кеткенинде!

Ооба, иш жүзүндө бизде Президенттер башкаруучу, Президенттер чечим кабыл алуучу, Президенттер тиран. Ошондуктан баардык бийлик бутактары келип-келип эле анын алдына жүгүнүшөт. Анткени, анын оң колунда УКМК, сол колунда БАШПРОКУРАТУРА!

ЭКӨӨнө эшекке мингендей минип алган Президенттик АППАРАТ каалаган Өкмөттүн өпкөсүн үзөт, сот бийлигинин согун чыгарат, парламентти болсо партадагы окуучулардай эле башкарып алуу күчүнө ээ. Хотя, Конституцияда мындай жок. "Жокпу, демек, кыла берсе болот" деген кыкеңдин адаты.

Ошондуктан, Президенттик институтут жоюлмайын көңүлдөгүдөй Конституциялык реформа болот деген бул-ЖОМОК! Аны Акаев, Бакиев, Атамбаев бийлигиндеги Референдумдар толук далилдеп койгон.

Кантип эле, кайсы эси дарты соо Президент колундагы эбегейсиз бийлигин элге карматып эле, өзү лента кесүүчү үлпөт кишиси болуп калууну же институтту жоюп ийип ишсиз калууну кааласын?!

Ошондуктан, Президенттик шайлоо болот деп шамыраңдап сүйүнгөндөрдү көргөн сайын көңүл чөгөт...

Бул инстутту жойолу десек же болбойсуңар...

30 жылдан берки Кыргызстандын сазга батышына, карызга кептелишине, пайдасыз революцияларга, саясий куугунтуктарга жалаң эле ушул Президенттик институт күнөөлүү экенин билип эле турасыңар, бирок, Президенттүү болгуңар эле келе берет, чиркин...

Тынчтык Алтымышев, журналист, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн