2021-жылдын 10-январында өтө турган мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтымында шайлоону өткөрүүгө эч кандай тышкы булактар тартылган эмес.
"Кечээ президенттик шайлоону өткөрүү үчүн түзүлгөн штабдын жыйынында президенттик шайлоодо коротула турган каражаттын суммасы айтылды. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча алдыдагы өтчү президенттик шайлоого жарым миллиард сом бөлүнгөн”,- деди вице-премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн