Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:08
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президенттик шайлоодо кайсы талапкер жеңет?

05.11.2020 11:52
5939
Президенттик шайлоодо кайсы талапкер жеңет?


Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекет башчысынын кызматына ат салышууну каалаган талапкерлердин саны жетиге жетти. Бул сан дагы көбөйүшү күтүлгөн эле көрүнүш. Себеби, биздин өлкөдө буга чейинки өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлердин саны алдаканча көп болгонун жакшы билебиз. Экинчи тарабынан бул жолку шайлоодо шансы жогору болушу мүмкүн делген дагы эки саясатчы азырынча расмий түрдө катышаар-катышпасын билдире элек. Алар – «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жана «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Канат Исаев. К. Исаев кече 4-ноябрда парламент төрагалыгы кызматын президенттик шайлоого катышуу ниети бардыгы менен түшүндүрүп өткөрүп берди. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров дагы 14-ноябрга чейин кызматын өткөрүп берип, шайлоого аттана турганын билдирген.


Эксперттердин анализдөөсүнө таянсак, талапкерлердин саны канчага жетсе дагы, бул жолу негизги күрөш төрт талапкердин ортосунда болушу мүмкүн. Алар – Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канат Исаев жана Өмүрбек Бабанов. Төртөөнүн тең жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү салыштырмалуу бирдей. Демек, шайлоочулардын добушу бул ирет өтө ири төрт топко бөлүнүп калат дегендик. Мунун өзү президенттик шайлоо бир эле тур менен жыйынтыкталбайт дегенди түшүндүрөт.


4-ноябрдагы парламент жыйынында «Ата-Мекен» партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн экенин кыйытып айтып кетти. Ал парламент төрагалыгына көрсөтүлүп жаткан депутат Талант Мамытовко: «Сиз кимдир-бирөөнүн ордун кайтаруу үчүн спикер болбошуңуз керек, сиз мамлекеттин, мыйзамдын кызыкчылыгын коргоо үчүн баратасыз. Парламент кимге жакпай жатса дагы, азыр бул жападан жалгыз легитимдүү орган. Сиз парламентти гана башкарбайсыз, бүтүндөй мамлекетти да башкарышыңыз мүмкүн. Эгерде президенттик шайлоо өз убагында өтсө, анда президенттин милдетин январга чейин аткарасыз, эгерде экинчи тур боло турган болсо, анда февралга чейин, эгерде болбой калса, андан кийин дагы. Сиз бардык варианттарга даяр болушуңуз керек», - деди Ө. Текебаев.


Саясатта тажрыйбасы өтө мол кыраакы саясатчы Өмүрбек мырза жөн жеринен эле мындай ойду айткан жок. Ал бул жолу президенттик шайлоого аттана турган талапкерлердин салмагын ар тарабынан салмактап көрүп, анан гана ушундай пикирди айтып жатат.


Эгерде биринчи тур менен шайлоо жыйынтыкталбай турган болсо, анда экинчи турга Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдун чыгышы мүмкүн. Себеби акыркы саясий окуялар ушул эки саясатчынын рейтингинин көтөрүлүшүнө түрткү берди. А. Мадумаров Ө. Бабановдон айырмалынып, 5-октябрдан кийинки окуяларда өзүнүн мыкты стратег экенин көрсөттү. Бабановдун эмнеден чалынып калып, саясий кадыр-баркына көлөкө түшүрүп алганы түшүнүктүү болуп турса керек. Ошентсе деле анын дагы да шайлоочулары бар экени талашсыз.


Ал эми Садыр Жапаров 5-октябрдагы окуянын арты менен абактан чыгып, ошол замат эле тарапташтарынын кызуу колдоосу менен өлкөдөгү бардык бийликти өз колуна топтой алды. Бийликти колго алуу өзүнчө кеп, ал эми тарапташтардын ишенимин актоо башка кеп. Анын бийликте турган бир айга чукул убактысы баштагы эбегейсиз чоң ишенимди аздыр-көптүр алсыратып жибергендей болду. Буга анын жасаган кадрдык жүрүштөрү себеп болуп берди. Ошентсе дагы бүгүн деле ага чоң үмүт-ишеним артып турган шайлоочулар арбын.


Мамлекетибиздин эртерээк мыйзамдуу талаага түшүп, чет мамлекеттер да тааныган легитимдүү бийликке ээ болушу үчүн албетте президенттик шайлоонун бир гана тур менен жыйынтыкталганы маанилүү. Эгерде потенциалдуу талапкерлер да мамлекеттин кызыкчылыгын жеке амбицияларынан жогору кое турган болушса, анда аттары аталган төрт талапкердин ортосунда тандемдешүүлөр болушу керек. Маселен, Садыр Жапаровго Өмүрбек Бабанов кошула турган болсо, анда жеңиш ушул экөө тарапка оошу мүмкүн. Адахан Мадумаров менен Канат Исаев тандемге келсе, бул экөө тарапка да жеңиш жылмайышы мүмкүн. Башкача айтканда, эки тараптын салмагы бирдей болот, бирок шайлоонун жыйынтыгында азыраак гана өзгөчөлүк менен бир тарабы жеңишке жетет. Эгер булардын үчөө бир тарап болуп кете турган болсо, анда жеңиштин желеги алардын колунда деп ишенимдүү айта берсе болот.


Дагы бир өзгөчө жагдайды унутта калтырбаганыбыз оң. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков ээрден оогону менен, анын таасири дагы деле өлкөбүздүн түштүгүндө олуттуу. Демек, ал да кайсы бир талапкерге басым жасай турган болсо, ага да ийгилик жылмайышы күтүлгөн көрүнүш.


Бул айткандарыбыз 10-январда өтө турган президенттик шайлоого карата эксперттердин бааларына таянып жасаган анализдөөбүз. Эми мындан лөк-талапкерлер кандай тыянак чыгара турганы өздөрүнүн маселеси. Ашыкча амбициянын арты кандай боло турганын буга чейинки шайлоолор далай жолу көрсөткөн. Демек, сабак алчу шайлоо алдыда турат.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (61)

Коопсуздук коду
Эрмек Каримов
Элдик президент Адахан МАДУМАРОВ
Майрамбек
Омурбек Суваналиев же темирбек Асанбеков коргум келет
Айдаров Султанбек Абдумавлянович
Адахан Мадумаров Кимсанбаевич президент болот кудай буюрса
Акунбек Кожоев
Мадумаров
Эрмек Каримов
Элдик президент Адахан МАДУМАРОВ
Эгембердиев Турсунали
Улуттук лидер Садыр Жапаровду колдойбуз.