Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президенттик шайлоодон кийин кайсыл талапкерлер камалышы мүмкүн?

25.12.2020 10:37
1469
Президенттик шайлоодон кийин кайсыл талапкерлер камалышы мүмкүн?


Президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин ортосунда учурда кызуу атаандаштык жүрүүдө. Өзгөчө көпчүлүк талапкерлерге салыштырмалуу жеңишке жетүү мүмкүнчүлүктөрү бар деп саналган талапкерлер15-декабрдан бери бири-биринин кемчиликтерин, өткөн тарыхын тымызын чукулоону башташты. Алтургай айрымдары бири-бирин дебатка чакырып, «Мени менен дебатка чыксын, ошол жерден баарын айтышабыз» деп да жиберишти.


Шайлоо болот, шайлоонун эртеси да болот. Бул жолу тараза ташы салмактуу болуп, башка атаандаштарына салыштырмалуу жылдызы балбылдап жанып турганы – бул октябрь тополоңунан кийин командасы менен бийликке келген Садыр Жапаров болуп турат. Эч ким, эч бир саясатчы күтпөгөн жерден 6-октябрда түрмөдөн чыгаары менен кыска убакыт ичинде баардык бийликти өз колуна алууга жетишкен. Мамлекеттик маанилүү маселелерди чече турган жогорку кызматтардын баарына өзүнүн ишенимдүү кадрларын койду. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалык кызматына барган жакын досу алтургай Жогорку соттун төрайымына да чап салып отурат. Албетте, Садыр мырза өзү азыр эч кандай кызматта эмес, бирок бийликте таасири жок деп айтууга өтө кыйын.


Бирок, анын жеңишке жетишин бийликтеги таасири гана камсыздабайт. Себеби, элдин басымдуу бөлүгүнүн ишеними азыр ушул талапкердин гана ысымы менен байланышып турат. Андыктан 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өткөндөн кийинки өлкөбүздөгү саясий окуялар кандай өңүттө өнүгүшү мүмкүндүгү да коомчулук үчүн кызык.


Садыр Жапаров жана анын командасы коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аео болбостугун билдирип келишет. «Ташиевдин жакындары болобу, менин жакындарым болобу, коррупцияга, кылмыш иштерине катыштыгы бар болсо жазасын алат» деген Садыр Жапаров. Демек, өзүнүн айланасындагыларды аябай турган болгондон кийин, ал өзү айтып жаткан айрым президенттикке талапкерлерди аяшы мүмкүнбү?


Садыр Нургожоевич буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маектеринин биринде президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин да кылмыш иши бар экендигин билдирген. Балким, аны Сегизбаев өзү да билет. Ошондон улам ал башка бир дагы талапкер тууралуу үн катпастан, жалгыз гана талапкерге көбүрөөк көңүл буруп жатат. Абдил мырза да жакшы аналитик, коомдук-саясий абалга, эл ичиндеги маанайга жакшы анализ жүргүзө алат. Демек, ал деле бул жолку шайлоодо жеңиш кимге ооп турганын түшүнөт. Андан кийин өзүнө карата соттук териштирүүлөр болуп кетиши мүмкүн экенин сезет. Ошондон улам ал алдын-ала «саясий куугунтук башталды» деген теманы көтөрүүнүн амалы жасап жаткан болушу мүмкүн. Сөздүн ток этерин айтканда эгерде С. Жапаров жеңишке жетип, президенттик кызматка киришсе, анда эл анын өзүнүн сөзүнө ылайык Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишинин козголушун күтөт. Себеби, Садыр мырза өзү анын кылмыш иши бар экенин билдирбедиби.


Садыр Нургожоевич жергиликтүү телеканалдардын бирине курган маектеринин биринде «Каныбек Иманалиев «Менден кылмыш ишин издөө Нарын дарыясы, же Аламүдүн дарыясынан крокодил издөө менен барабар» деп айтпадыбы? Көрсө, ага деле кылмыш иши бар экен» деп айткан. Кептин төркүнү «Эркин Тоо» типографиясына байланыштуу болуп жатканы коомчулукка түшүнүктүү болду. Себеби, дал ушул типографияга байланыштуу К. Иманалиевге көп жылдардан бери карай чабуул жасалып келатканы белгилүү. Демек, ушул иш кайра жанданышы мүмкүн. Анын үстүнө Каныбек Капашевич да учурда Садыр Жапаровдун жасап жаткан аракеттерине кескин сындарды айтып келет.


Дагы бир президенттикке талапкер Канатбек Исаев да шайлоодон кийин темир тор артына отуруп калышы мүмкүн. Себеби, ал дагы фаворит болуп жаткан талапкердин жүргүзүп жаткан саясатына ичи чыкпагандардын катарында. Анын үстүнө ага дагы убагында бир нече жолу кылмыш иштери козголгон. Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы ишмердүүлүгү боюнча жана 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында «бийликти күч менен басып алууну пландаган» деген айыптоо боюнча.


Ошондой эле 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айрым президенттикке талапкерлер шайлоодон кийин башаламандык уюштурууга аракет кылып жатканын, аларга шайлоодон кийин чара көрүлөрүн билдирген. Демек, кээ бир талапкерлер добуш берүүдөн эртеси күнү камалышы ыктымал. 


Президенттикке талапкерлигин койбогон дагы бир саясатчы кайрадан темир тор артына отуруп калышы да күтүлөт. Ал – «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Бул саясатчы тууралуу да Садыр Жапаров өзү атайын билдирүү жасаган. Анын айтымында Текебаев «Мегаком» компаниясынын акциясын сатуу үчүн Маевскийден 1 миллион доллар алганы чындык экен. Муну ал өзү да тастыктап бере турганын билдирген болчу. Ошондон кийин анын депутаттык мандатын алуу аракети жасалды. Эми шайлоодон кийин ошол сценарийдин уландысын күтсөк болот.


Албетте, шайлоодон кийин мындай аракеттер башталса, анын аягы эмне менен жыйынтыкталары белгисиз. Эң башкысы өлкөбүз үчүн тынчтык керек. Ушуну ар бир саясатчы көөдөнүнө кыттай куюп алышы маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
Сот системада иштеген Клара да соттолушу керек,текшерилиши керек!!!Адахамжон жерлер боюнча,Аксы окуясы боюнча дооп бериши,Баткенге берип,кайра 49 ЖЫЛга арендага алган жер боюнча суралып,чын болсо камалышы керек!!!