Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Президенттик шайлоодон кийин жашоону жакшыртуунун кандай жолдору бар?

25.11.2020 11:42
468
Президенттик шайлоодон кийин жашоону жакшыртуунун кандай жолдору бар?


Президенттик шайлоо өтө турган күнгө дагы туптуура 1,5 ай убакыт бар. Демек, ушул убакыт өлчөмү ага ат салышууну максат кылган талапкерлер үчүн өздөрүн оң жагынан көрсөтүүгө, рейтингин көтөрүүгө, элдин ишенимине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Бул эми талапкерлердин штабынын расмий үгүт өнөктүгүн кандай жүргүзө турганынан да көз каранды.


Ачыгын айтканда, 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо башкы фаворит – бул Садыр Жапаров болуп турганы талашсыз. Биринчи себеби, ал өзү президенттин милдетин аткаруучу ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, премьер-министрлик ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуп турганына карабастан, бийликтин бардык таасирдүү бутактарында өзүнүн ишенимдүү адамдары отурганы. Экинчи себеби, 5-6-октябрдагы окуялардан кийин элдин басымдуу бөлүгүнүн ишенимине ээ болгону.


Бирок, убакыттын өтүшү менен Садыр мырзанын рейтинги баштагы октябрь айындагыга салыштырмалуу төмөндөп кеткени байкалууда. Буга себеп, анын түрмөдөн жаңы чыгып, эл алдында берген убадаларынан кайтканы болду. «Райым камалат! «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт! Муну кыска эле убакыт ичинде байкайсыздар» деген. Эмнегедир ал өлкөнү башкарып турган бир ай ичинде бул убадалары бир топ өзгөрүп кетти. Р. Матраимов бар болгону 2 миллиард сом менен кутулуп кетерин коомчулук түшүндү. Ал эми ««Кумтөрдө» көрсө алтын калбай калыптыр».


Экинчиден, С. Жапаровдун тарапташтарынын ашыкча радикалдык мүнөз күтүп жатканы болууда. «Жанчып кетебиз, оңбой каласың!» деген сыяктуу коркутуп-үркүтүүлөр менен аны бийликке алып келгендер дагы деле ошол ыргактарынан кайта элек. Ага кошумча интернеттеги социалдык түйүндөрдө көптөгөн фейк-троллдор пайда болду. Алар да С. Жапаровдун атаандаштарын кызуу кандуулук менен каралап отурушат.


Аларга кошумча Садыр Жапаров өзү да саясий куугунтуктун алгачкы кадамдарын жасап жаткан сыяктуу. Анын конституциялык реформа жасайм деген аракетине каршы чыккандарды  «бузукулар» деп атады. Алтургай «Ата-Мекен» партиясынын лидери Ө. Текебаевди «Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын. Муну Ф. Кулов тастыктап берет. Ал болбосо Ө. Суваналиев тастыктайт, мен да тастыктайм» деди. Натыйжада Текебаевдин депутаттык мандаты кайра алынып салынды. Ошого эле кошумча депутат Каныбек Иманалиевди да «кылмыш иши бар экен, аны козгобой жатышканынын себеби эле – депутаттык мандаты экен» деп эскертүү бергендей болду.


Мына ушундай сөздөрү менен ал өзүнө бир топ душмандарды пайда кылды. Атамбаевдин убагында да анын саясатына каршы чыккандардын баарына кылмыш иштери табыла калчу эле. Ошол көрүнүш кайра кайталанып жаткан сыяктуу.


Шайлоолорду бийликтин күчүнө салуу, коркутуу-үркүтүү же административдик ресурсту пайдалануу аркылуу өткөрүүлөрдүн натыйжасы эч качан жакшылыкка алып келбей турганы айдан ачык маселе. Андыктан Садыр Жапаров бул шайлоонун алдында өзүн сындагандар менен кайым айтыша бербей, же болбосо атаандаштарын кылмыш иштери менен коркутпай, салмактуу мамиле жасаганы өзүнө пайда алып келет. Бүгүнкү күндө шайлоодо жеңишке жетүү бактысы ага жылмайып турат. Бирок, 10-январга чейин дагы 1,5 ай убакыт бар экенин жогоруда айттык. Эгерде ушул убакытты да фейк-троллдордун кызматын көрүү, радикал тарапташтарын эркин кое берүү жана жеке өзү да кайсы бир кылмыш иштери менен атаандаштарын коркутууларды улантууга багыттаса, анда 10-январга чейин өз рейтингин өтө төмөнкү көрсөткүчкө түшүрүп алышы мүмкүн. Бул жолку президенттик шайлоо мамлекетибиздин да тагдырын чечүүчү роль ойнойт. Ал мамлекеттин келечегин ойлосо, анда бардык саясий күчтөр менен тил табышууга милдеттүү. Андай жолду табалбаса, анда өлкөбүз өтө чоң коркунучка кептелгени турат.


Ар кандай саясий тирештер ал саясатчыларга да, мамлекетке зыяндан башка пайда алып келбегенин эстен чыгарбоо зарыл. 


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Арам жол менен келген президент болгондордун ахвалы кийин чатак еле.