Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Президенттик шайлоого канча каражат кетери белгилүү болду

25.11.2020 12:24
562
Президенттик шайлоого канча каражат кетери белгилүү болду

Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого кете турган  чыгаша сметасы эсептелип чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоо өткөрүү республикалык  бюджеттин эсебинен болот. БШК эпидемиологиялык абалга байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чараларды эске алып, жалпы чыгым сметасын 137,2 миллион сом деп эсептеди. 


Сметада 2475 участкалык шайлоо участкасынын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 шайлоо участкаларынын ишин уюштурууга кеткен чыгымдар, шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо үчүн жабдууларды жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдар, компьютердик шаймандардын комплекттери, бюллетендерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүнавтоматтык окуу кутучаларды, ошондой эле бюллетендерди жеткирүү,  санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн сарпталат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн