Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун артыкчылыктары жана кемчиликтери

06.11.2020 16:23
1192
Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун артыкчылыктары жана кемчиликтери


2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо ат салышууну көздөгөн талапкерлердин саны бүгүнкү күндө тогузга жетти. Бул акыркы чек эмес. Дагы талапкерлигин коюшу ыктымал болгондор бар. Башкасын айтпаганда да азырынча президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров расмий түрдө БШКга арыз таштай элек. Бирок, ал аламанга аттана турганын, 14-ноябрга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыра турганын билдирген.


Биз мамлекет башчылыгына талапкерлигин коюп жаткан жана кое тургандардын ичинен таасирдүүлөрүнүн, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү барларынын артыкчылыктарына жана кемчиликтерине өз-өзүнчө токтолуп кетүүнү туура көрдүк. Бул ирет анализге «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров илинди. Калгандарына кийинки макалабызда кайрылабыз.


Адахан Кимсанбаевичтин улуттук лидерге айлануу мүмкүнчүлүгү кеңири. Өзүн өтө ишенимдүү алып жүрө алат. Так жана таасын сүйлөйт. Ар кандай туңгуюк абалдан бал тили менен чыгып кете алган жөндөмү бар. Жөн гана сүйлөбөй, макал-лакаптарды кошуп, образдуу сүйлөйт.


Башка саясатчылардан айырмаланып, өзүнө гана тиешелүү туруктуу электоратка ээ. Өлкөбүздүн түштүк аймагында жана чет мамлекеттерде, өзгөчө Россияда эмгектенип жүргөн мигрант мекендештерибиздин чоң ишенимине ээ. Алар Мадумаров жаңылып жатса да колдоп турганга даяр.


Өлкө ичинде саясий жана экономикалык оор кырдаалдарда өзүнүн пайдасына упай топтоп алганга маш. Албетте, кайсы бир конкреттүү сунуш-демилгелерин айтканын уга элекпиз. Бирок, кандай гана бийлик болбосун кетирип жаткан кемчиликтерин көзгө сая көрсөтө алат.


Азыркы тапта Мадумаровдун айланасына бириге калууну көздөгөндөр да арбын. Мисалы, учурда соттук териштирүүлөрдөн баштары чыкпай турган саясатчылар, бүгүнкү бийликти кыртышы сүйбөгөндөр, реваншисттер Адахан мырзанын жанынан орун алышы мүмкүн. Ошону менен элек чектелбей анын шайлоо кампаниясына кетүүчү каражаттарды да камсыздап бере алышат.


Азыркы тапта Садыр Жапаровдун бийлигин чет мамлекеттер тааныбай жатканы белгилүү. Демек, бул саясий фигурага алардын ичтери анчейин чыкпай турат. Ошондон улам тышкы саясий күчтөр Жапаров менен кызматташууну каалашпаса, анда Мадумаровго басым жасоолору күтүлөт. Ошону менен катар эле каржылык жактан да, башка жагынан да колдоого алышат.


Бул жогоруда айтылгандар Адахан Кимсанбаевичтин президенттик шайлоодо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап берүүчү артыкчылыктары. Ошол эле убакта андай мүмкүнчүлүктү алсыратуучу кемчиликтери да жок эмес.


Анын башкы оппоненттери маалыматтык чабуул жасаарда дароо эле «Мадумаров 2005-2010-жылдары өтө жогорку мамлекеттик кызматтарда отурган, ошондо эмнени кыйратты эле?» деген суроону кабыргасынан коюшарын күтсөк болот. Мисалы, ал вице-премьер-министр, мамлекеттик катчы, парламент спикери, Коопсуздук кеңешинин катчысы сыяктуу кызматтарды аркалаган. Бирок, ушул кызматтардын дээрлик баарынан ийгиликтүү кеткен эмес. Жогорку Кеңеш төрагалыгынан өзүнүн кабинетин жаңгак жыгачы менен мыйзамсыз жасалгалоо аракетинин арты менен кеткен. Ошол эле убакта анын спикерлиги алдында Каркыра жайлоосунун Казакстанга өтүп кетиши ратификацияланган. Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп, Баткендеги 275 метр кыргыздын жерин тажиктердики деп тааныган протоколго кол койгону да унутта калбайт.


Өтө чоң оркойгон кемчиликтеринин бири – анын эч бир саясий күч менен ымалага келише албаганы. Анын кырс мүнөзү акыркы 10 жылдан бери шайлоолордо жеңилүүсүнө жетелеп жүрөт. Бул жолку президенттик шайлоодо фавориттер саналган С. Жапаров, К. Исаев, Ө. Бабановдор менен биригүүгө барышы да күмөн. Баса, Бабанов С. Жапаровдун пайдасы үчүн шайлоого катышпай турганын жар салды. Демек, эми Мадумаровдо К. Исаев менен биригүүнүн жолун издөө калды.


Акыркы окуяларда А. Мадумаровдун туруктуу тарапташтарынын кайсы бир бөлүгү С. Жапаровдун колдоочуларынын катарына кошулуп кеткени байкалды. Бул дагы ал үчүн жакшы көрүнүш эмес.


Дагы бир олуттуу кемчилиги – айтып алган сөздөрүн «айткан эмесмин» деп танып кетмейи. Маселен, коронавирус тууралуу, анан дагы «Акаев, Бакиевди чоң урмат-сый менен Кыргызстанга кайтарып келем» дегени, апрель баатырларын жырткычтарга теңегени.


Бирок, баары бир президенттик шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн өзүнүн айланасына таасирдүү фигураларды тарта билиши керек. Кырс мүнөзүн жумшартуу зарыл. Анан дагы «айткан эмесмин» деп танууга аргасыз болбой тургандай этияттап, ар бир сөзүн салмактап сүйлөгөнү эп.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Таа
Чындыкты бетке айтканы учун ага жакындашпайт.Саясий интеллекти ото жогору!Азыркыны кордук.Тушко чейин и туштон кийинки созу еки башка
Гулгакы
Кыргызтандын келечегин Терен ойлонгон Инсан, Мадумаровту тандайт. Себеби ал Эн татыктуу!!! Билимдуу!!! Маданияттуу!!!
Сайпидинов Мырзабай
Бал тили деп туура эмес сындайсыңар! Мадумаров тескерисинче бал тилге салбай логикалык, философиялык, маанидеги чындыкка жакын сөздөрдү колдонуп сүйлөйт. Кооз сүйлөгөн аламдар тасадалардай сөздү кооздоп, көркөмдөп сүйлөйт. Мамбеков накта кооз сүйлөйт десе бодот.
Кемчиликтерине токтолордон мурун кылган иштерин да айта кетсенер болмок.Кисанбаевичти колдогон туруктуу электораты Садырга кетпеди а кеткендер баары кункарамаар!!!
Кемчиликтерине токтолордон мурун кылган жакшы иштерин да жаза кетпепсинер,туруктуу шайлап келген электоратынан эч ким Садырга кетпеди кеткендердин баары кункарамалар
Мээркан
Кемчиликтерди жазыпсынар бирок далил жок,элдин оозундагы ушактарды жазыпсынар.
Гулгакы
Мадумаров эн татыктуу талапкер.