Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 15:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Президенттикке талапкер Чороевдин чогулткан кол тамгалары жараксыз

08.12.2020 09:06
611
Президенттикке талапкер Чороевдин чогулткан кол тамгалары жараксыз

Президенттикке талапкер Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгалары жараксыз. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

 Маалыматка ылайык, 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Чороевдин кол тамгалары жараксыз жана кол топтоо эрежелери бузулган деген тыянакка келген. 


Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Ага байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Чороев баракчаларды басып чыгарууга акчаны 3-декабрда, кол тамгаларды БШКга тапшыруунун акыркы күнүндө төлөгөн.


Кубан Чороев кол тамгаларды чогултууда эч кандай эреже бузулбаганын, өзүн жарыштан чыгаруунун артында саясат турганын айтып жатат.


Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Азыр анын 19у калды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн