Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттикке талапкерлер эмнеге жаңыча ойлонбойт?

16.12.2020 12:40
804
Президенттикке талапкерлер эмнеге жаңыча ойлонбойт?
Кече 15-декабрда алдыда өтүүчү президенттик шайлоонун үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Борбор шаарыбыздын көчөлөрү заматта көңүлдөрдү элжиретип, ишенгиңди келтирген убадалар жазылган көрнөк-жарнактарга толуп чыкты. Бажырайып мээримин төккөн, мына-мына алдыңа төгүлүп-чачылып кетчүдөй болуп жөнөкөй, аруу көз караштары менен тимирейе тиктеген талапкерлердин сүрөттөрү. Ушул эле көздөр бийликке келгенден кийин коюуланып, текеберленип калаарын эч эле элестеткиң келбейт.

Бул жолу президенттикке талапкерлердин рекламалары газета беттеринен дээрлик көрүнгөн жок. Ал эми интернет-сайттарга да бирин-серин гана рекламалык материалдары жайгашты. Буга интернеттеги социалдык желелер аркылуу эле бекер пиар иштерин жүргүзсө боло турганы себепкер болду окшойт.

Ал эми шайлоочулар менен жолугушуу үчүн аймактарды кыдыруу иштери кадимкисиндей эле башталды. Октябрь тополоңунан кийин бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алып, мамлекеттик маанилүү кызматтарга өзүнүн ишенимдүү кадрларын коюуга жетишип, андан кийин бир кызматын өткөрүп берип, экинчисин убактылуу токтоткон талапкер Садыр Жапаров үгүт ишин Талас жергесине баруу менен баштады. Ырас, жолугушууну мыкты уюштурушкан. Бирок, берилген убадалар мурдагыдай эле. «Коррупцияны жоебуз, тааныш-билиштик, тууган-туушкандык жол менен кызматтарга дайындабайбыз, кен байлыктар эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп баштайт, элиме кызмат кылган президент болом» деген сыяктуу убадалар айтылды. Мындай убадалар буга чейинки шайлоолордо башка талапкерлер тарабынан да көп жолу айтылган. Көкүрөккө кыттай уюп, көңүлгө ишеним тартуулай ала турган, убаданын иш жүзүндө кандай аткарыла турганын көрсөтө турган жолдору айтылган жок. Баса, ал Таластагы сапарында өзүнүн эки кудасын мамлекеттик кызматтарга дайындаганын да мойнуна алды. Президент болуп келгенден кийин мамлекеттик кызматтарга конкурстук жол менен гана алына турганын эскертти. Бирок, кыргызда «Көчтүн башы кайда барса, аягы да ошол жакка барат» деп айтылчу эле…

Ал эми Садыр Жапаровго оппонент катары чыгып жаткан талапкер, УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев өзүнүн биринчи жолугушуусун Чүй облусунун Кой-Таш айылынан баштады. Эл менен жолугушуудан соң «Ата-Бейитке» барып, ал жерде жаткан кыргыздын чыгаан уулдарын эскерип, ошолорду үлгү тута тургандай таасир калтыргысы келди. Албетте, өткөндү эстеп, өлгөндөрдү даңктап турган жакшы. Бирок, эмне үчүн аларды шайлоочулардын добушу керек болуп калганда гана эстеп калууну адатка айланттык? Эмне үчүн ошол кыргыздын чыгаан уулдарын кызматта турганда эстеп, ошолордой татыктуу иштөөгө аракет кылбайбыз? Абдил Сегизбаев өзүнүн убадаларынын арасында ««Кумтөрдү» Садыр Жапаров мамлекетке албаса, анда мен алам» деген маанини да буга чейин айтты. Анда эмне үчүн ««Кумтөрдү» улутташтырыш керек» деп С. Жапаров чырылдап жүргөнү үчүн Атамбаевдин тапшырмасы менен А. Сегизбаев аны куугунтукка алды эле? Же «Кумтөрдү» шайлоочуларга жагынуу үчүн гана курал катары колдонууну өнөкөткө айлантып алыштыбы?

Равшан Жээнбеков болсо борбор калаада маалымат жыйынын өткөрүү менен үгүт ишин баштады. Анда ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетин жое турганын, президент болуп калса резиденцияда эмес, үйүндө эле жашай турганын айтты. Өзгөчө убадалары ушулар болду. Калгандары башкалардыкы сыяктуу эле коррупцияны жоюу, сот системасын реформалоо, эл үчүн кызмат кылуу убадалары болду.

Президенттик жарышта мүмкүнчүлүгү жогору деп саналган талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун азырынча кайда, кимдер менен жолугушуу өткөрүп жатканы белгисиз. Айрым талапкерлер борбор калаабызда эле отуруп, шайлоочуларга видео аркылуу өз программаларын тааныштырып жатат. Бирок, өзгөчөлүү программаны азырынча кулагыбыз чалалек. Баягы эле уга берип кулак көнүп калган кургак убадалар. Аткарыла турган иштин ийне-жибине чейин так көрсөтүп бере ала турган талапкер бизден качан чыгат болду экен?

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн