Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттикке талапкерлер өкмөт кабыл алган чечимдерди уруп ойнобойбу?

18.12.2020 16:38
1136
Президенттикке талапкерлер өкмөт кабыл алган чечимдерди уруп ойнобойбу?


Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда массалык иш-чараларга тыюу салынып, мектептер, жогорку окуу жайлары офлайн билим берүүнү токтоткон. Айрым аймактардагы мектептер гана иштебесе, он миңдеген балдар үйгө “камалып”, ата-энелерге түйшүк жаратты. 2 миңдей кыргызстандыктын өмүрүн алган коронавирус дагы деле күчүндө. Күн сайын 200-400дөй жаңы учурлар катталып, адам өлүмүнүн саны өсүүдө.


Өкмөт болсо жаңы жылдык кечелерге тыюу салып, 50 кишиден ашык адам чогулган жерге айып салып жатат. Кыргызстанда ушундай абалда турганда президенттикке талапкер, убактылуу кызматын тапшырган өкмөт башчысы Садыр Жапаров миңдеген эл чогулган иш-чараларды өткөрүп, Кыргызстанды түрө кыдырууда. Ушул кантип акыйкаттык болсун? Эгер биздин мамлекетте мыйзам иштесе, өкмөт кабыл алынган чаралар баарына бирдей болсо С.Жапаровго чара көрүлбөйбү? Президент болбой жатып башкалардан “өзгөчө” болгон адам улуттук лидер боло алабы? Эгер ошол жолугушууларга катышып, оору жуктуруп алгандар катталса ага ким жооп берет? Эрежелерди, мыйзамдарды күчтүүлөр сактабай, жаза тайган алсыздарга айып сала берген мамлекетте өнүгүү болобу?

 

Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рита кутуева
Болот кыргыз элдин келечнги учун болот