Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы дебатына анализ: Бирдиктүү оппозиция түзүлдүбү?

29.12.2020 13:19
967
Президенттикке талапкерлердин КТРКдагы дебатына анализ: Бирдиктүү оппозиция түзүлдүбү?


28-декабрдын кечинде коомдук биринчи каналдын эфиринде президенттикке талапкерлердин биринчи тобунун дебаты болуп өттү. Дебатка талапкерлер – Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев катышты. Белгилеп кое турган жагдай – талапкерлердин бири-бирине жолдогон суроолорунда жана берген жоопторунда эч кандай чектөөлөр орун албады. Өлкөбүздө болуп жаткан саясий кырдаал, сот системасындагы, чек ара маселесиндеги көйгөйлөр, 5-октябрдагы төңкөрүштөн кийинки келген бийликтин саясаты, коррупция, контрабанда темалары ачык-айкын талкууланды. 

Башында эле белгилеп кое турган жагдай – аттары аталган алты талапкерлердин ортосунда айыгышкан кайым айтышуу орун албады. Дээрлик бардык маселелерде алардын ойлору да, позициялары да бирдей чыкты. 


Сот системасын оңдоо үчүн – соттор мыйзамсыз чечимдерине жоопкерчиликке тартылышы зарыл

Дебаттын 1-турунун биринчи маселеси сот системасы тууралуу болду. Акаевдин доорунан бери карай эле сот системасын реформалоо зарылчылыгы айтылып келет. Алтургай андай реформа жасалып жатат, натыйжасы билинип жатат деген сыяктуу да маалыматтык саясаттар жүргөн. Бирок, анын куру гана сөздөр экени, сот системасындагы паракорчулук, коррупция мурдагысындай эле гүлдөп өнүгүп жатканы коомчулуктун көз алдында турат. Жалаң айлык акысы менен «Жигули» машинасын гана айдоого мүмкүнчүлүгү жете турган соттордун дээрлик басымдуу бөлүгү баасы 50-60, алтургай 100 миң доллар турган жолтандабастарды айдап жүрүшөт. Кече жакында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир соттун Бишкек шаарында 20 квартирасы бар экенин маалымат жыйынында билдирди. Соттордун кийген шубасынын баасы 5000, өтүгүнүн баасы 1000 доллар тураарын айтты. Ырасында мунун баарын карапайым эл дагы билет. 


Дебатта канткенде сот системасын акыйкат иштей тургандай кыла алабыз деген суроо кабыргасынан коюлду. Буга алты талапкердин тең көз караштары дээрлик окшош чыкты. Сот системасын оңдоо үчүн – соттор өздөрүнүн чыгарган мыйзамсыз чечимдери үчүн жазага тартылышы керек деген пикирлер айтылды. Анан дагы соттор улам жаңы келген бийликке кызмат кылууну уланта беришээри белгиленди. Талапкер Клара Сооронкулова «Талапкерлердин биринин шайлоого катышууга укугу жок экенин билдирип койгону үчүн Жогорку сотко бийликтин бир адамы куугунтук жасап жатат» деген оюн билдирди. Бир гана талапкер Бактыбек Калмаматов «Соттор бул хандын адилеттүүлүгүнүн күзгүсү. Эгер хан адилет болбосо, анда соттор эч качан адилет болбойт» деген пикирди өзгөчөлөнтүп айтты. 


Чек ара маселесин чечүү үчүн чек арага жакын жашаган аймактагы калктын бакубат жашоосун камсыздоо зарыл 

Дебатты кызыткан тема – бул чек ара маселеси болду. Көрсө, бул маселени чечүүнүн аткарууга мүмкүн болгон жолдору өтө эле көп экен. Бирок, эмнегедир анын баары эч эле аткарылбай келет. Талапкер Канат Исаев бул маселени кошуна өлкөлөр менен кыска мөөнөттө сүйлөшүп, чекит коюш керектигин, эң негизгиси чек араны эртерээк тосуу зарылчылыгын белгиледи. Ал чек араны ашар жолу менен болсо да тосуу зарыл деп эсептейт. 


Клара Сооронкулова чек арага жакын аймактардагы калк туруктуу жашашы үчүн, аларга жеңилдетилген субсидияларды берип, тиешелүү муктаждыктарын чечүү керек деп эсептейт. Анын айтымында коңшулаш Тажикстанда чек ара аймактарындагы калк камкордукка алынган. Натыйжада ал өлкөдө чек арага жакын аймактарда жашагандардын саны 2 миллионго жеткен. Ал эми биздин өлкөнүн чек ара аймактарында жашагандардын саны болгону 200 миң. «Баткен облусу улуттук долбоор болушу керек. Башка облустарга салыштырмалуу ал жакка көбүрөөк каражат сарптоо маанилүү» дейт Клара айым. 

Аймен Касенов да Клара айымдын айткандарын колдоп, ал жакта кайрак жерлерди ишке киргизүү, ал үчүн суу бассейндерин куруу иштерин жүргүзүү зарылчылыгын айтты. Баткендин өрүгүн эле иштетүү менен жакшы киреше тапса боло турганын кошумчалады. 


Адахан Мадумаров жана Каныбек Иманалиевдин айтымында убагында чек ара аймактарындагы калктын камкордугун карай турган мыйзамдар кабыл алынган, бирок иштебей жатат. 

«Чек арага жакын жайгашкан аймактарды мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзамды мен жазгам. Анда эң биринчи айлык, пособия чек арага жакын жашаган аймакка берилиши керектиги, эң биринчи мектеп, ФАП, жол ошол жерге салынышы керектиги каралган. «Лейлек эркин экономикалык зонасын» мен жазып кабыл алдырганыма 4 жыл болду. Ушуга чейин өкмөт аткарбайт. Эгерде аны аткарсак, элдин көбү ошол жакта калмак. Жаңы салык, жаңы иш орундары болмок. «Баткен» эл аралык аэропорту болушу керек. Экинчиден, Баткенде профтехлицейдин базасында чек ара лицейи ачылышы керек. Баткенде чек арачы болуу – бул эң ардактуу кесип болушу керек. Контрабандситтер эмес, патриот жигиттер ошол жакта губернатор болушу керек. Биздин «азаматтар» контрабанда ташып, алардын экономикасын бекемдеп, биздин экономиканы курутуп жаткандар бар. Ошолор жазасын алмайын чек ара маселеси дайым чыр-чатактын башы болуп кала берет», - дейт Каныбек Иманалиев. 


Бактыбек Калмаматов чек ара маселесинин чечилишине кыргыз бийлиги кызыкдар эмес дейт. Анын айтымында Баткен аркылуу наркотрафик өтөт. Кыргыз бийлиги анын «туткуну» болуп калган.  


«Бир мамлекеттин кулу болгонду токтотуш керек. Ошондо чек ара маселеси өзү чечилип калат. Баткенде Кыргызстандын экономикасын эгемендүүлүккө жеткизе турган байлык бар. 1 миллиард кубометрден ашык нефть бар. Биз болсо бүгүнкү күнгө чейин 700 миллион долларга чейин чет мамлекеттен нефть сатып алып келип жашап жатабыз. Биз өзүбүздүн ички экономикага чыккынчылык кылып жатабыз. Эгерде биз Баткенди көтөрө турган болсок, ал Кыргызстанды көтөрүп кое турган байлыгы бар», - дейт ал. 


Адахан Мадумаров Баткен облусу аркылуу коңшулаш мамлекетке дагы деле контрабанда өтүп жатканын айтты. «Мен жакында эле Баткенден келдим. Контрабанда түнү менен тизилип турат. Биздин артыбыздан аңдыганча, ошол контрабанданы карагыла. Баткен облусун талкалап жаткан наркотрафик, контрабанда болуп жатат», - деди ал.


Сырткы инвесторлорду тартуу үчүн стабилдүүлүк жана акыйкат сот керек

Өлкөгө инвестиция тартуу үчүн эң башкысы стабилдүүлүк жана акыйкат сот керек экендигин дээрлик бардык талапкерлер билдирди. Ошол эле убакта инвесторлор да Кыргызстандын мыйзамын сыйлаш керектиги белгиленди. Талапкер А. Мадумаров «Эмнеге инвесторлор биз менен иштешкиси келбейт? Себеби бийликте тургандар өздөрү жегичсүтер» деген оюн айтты. 


Соттордун баарына мүлктүк люстрация жасалышы керек

Дебаттын 2-раундунда талапкерлер бири-бирине суроолорду жолдошту. Мында да сот системасы тууралуу сөз козголбой койгон жок. «Сот өз бийлигине ээ эмес. УКМК жана прокуратура ээ. Эгерде биз баарына бирдей карайбыз десек, анда Жогорку соттун судьяларынан баштап баарына тегиз мүлктүк люстрация жасашыбыз керек. Азыр Жогорку соттун бир судьясына кылмыш иши козголду. Бул кандайдыр бир деңгээлде өч алуу болуп калышы да мүмкүн. УКМКнын төрагасынын кудасы да Жогорку сотто, жалпы эле сот системасындагы эң бай адамдардын бири. Тандалма болбой, мыйзамдын алдында баары бирдей болушу керек», - деди ал.  


Президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин кимисинин мыйзамдуулугу күмөн?

Дебатка катышкан талапкерлердин бешөө президенттикке талапкерлердин ичинен фаворит болуп жаткан талапкер Садыр Жапаровдун шайлоого катышып жатканы мыйзамсыз деген ойдо экени белгилүү болду. 

«Башмыйзамдын 68-беренесинде так көрсөтүлүп турат, президенттин милдетин аткарам деп барган киши алдын-ала билет «Мен президенттик шайлоого катышпайм» дегенди. Бир ай президент болуп турайын, анан өткөрүп берем, шайлоого катышам деди дагы бир ай ичинде толугу менен административдик ресурсту колдонуп, азыркы күндө шайлоодогу фавориттин, Садыр Жапаровдун бизге караганда артыкчылыгы көп. Ошондуктан мен соттун алдына «Ушул шайлоону адилеттүү, мыйзамдуу, таза шайлоо деп айтса болобу?» деген суроону койдум. Тилекке каршы, сот бардык нерсе мыйзамдуу деген чечим чыгарып берип койду», - деди Клара Сооронкулова. Анан дагы ал талапкер Садыр Жапаровдун октябрь тополоңунан кийин соттун чечими менен акталганы тууралуу мындай пикирин кошумчалады: «Мыйзамсыз соттолсо дагы, мыйзамдуу акталышы керек эле». 


Ал эми Адахан Мадумаров бүгүнкү бийлик шайлоодо административдик ресурсту 200% колдонуп жатат деген пикирде: 

«Бүгүнкү бийлик административдик ресурстарды 100 эмес, 200% колдонуп жатат. Айыл өкмөттөрүн титиреткен УКМКнын, ИИМдин бүтүндөй балдары чуркап жүрүшөт. Жөнөкөй талапкер катары барам деген Жапаровду бүтүндөй облустардын жетекчилери чуркап жүрүп тосуп алып жатышат. Биз экөөбүздү андай кылып тосуп алган жок. (Канат Исаевдин суроосуна жооп берип жатып, ага кайрылды). Мен дагы сизди Кочкордо кандай кылып тосуп алганын көрдүм. Ошондуктан абийирсиз, уятсыз шайлоо болуп жатат. Азыр Клара айым айткандай анын барууга эле укугу жок. Анын конституциялык укугу жок экенине карабай барып жаткандай кийин Кудай өзү сактаган болсун. Биз менен жолугушууга келген, суроо берген адамдарды ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери чакырып алып, түшүндүрмө жазып бергиле деп жатат. Ошондуктан элге кайрылам, коркпогула! Булардын да күнү бүтөөрүнө аз калды», - деп билдирди. 


Ал эми Аймен Касенов: «5-октябрда төңкөрүш болду десек болот. Революцияга жете элекпиз. Азыр система өзгөрдү деп айтууга эрте. 20-декабрда шайлоо өтүшү керек эле, тилекке каршы өтпөй калды. Мыйзам чегинен чыгып кеттик. Бул өкүнүчтүү. Азыр референдумду жарыялап жатабыз, президенттик шайлоо менен баратат. Бул да өкүнүчтүү. Референдумда туура эмес сөздөрдү да чыгарып койгон, эрте чыгарып койгон. Биз бир жарым жылда бир шайлоонун артынан улам бир шайлоо боло бере тургандай болуп жатат. Саясат менен эле алек болуп калабыз. 2021-жылы азык-түлүк кризиси болот. Биз 60% азык-түлүктү сырттан алып келип жейбиз. Ошондуктан мен айтат элем, бир ынтымакка келсек, саясат менен алпурушпай, өзүбүздүн элдин тиричилигин чечип алсак болот эле».- деди.  

«Бир адамдын айынан шайлоо юридикалык жактан гана эмес, саясий жактан да легитимсиз болуп калды. Биз таза саясий күрөш жүргүзгөнгө деңгээлибиз жетпейт экен», - деп кошумчалады Б. Калмаматов. 


Кыргызстандын тышкы саясатын Израиль компаниясы жүргүзө турган болдубу? 

Дебатта эл билбеген кызык жагдайлар ачыкталгансыды. Мисалы, Каныбек Иманалиев мындай деди: 

«Мекенчидер» бийликке келгенден кийин Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүү үчүн 500 миң долларга Израиль компаниясы менен келишим түзүптүр. Биринчиден, бул Конституцияны бузуу. Экинчиден, бул Кыргызстанды шылдыңдоо, үчүнчүдөн, ошон үчүн бир дагы аттуу-баштуу өлкөнүн президенти чалып куттуктаган жок. Төртүнчүдөн, 30дан ашык өлкөдө биздин элчилер, дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү, Евросоюзда элчибиз, БУУда элчибиз бар. БУУнун трибунасына туруп алып, Израиль компаниясынын атынан сүйлөйбү? Бул жапайычылык. Андай адамдардын мамлекет башына келүүгө эч кандай моралдык, саясий, руханий акысы жок».


«Жетим Тоо» кени иштеши керекпи же ал Максимдин долбоору менен иштегени жатабы?  

Дебатка катышкан талапкерлердин ичинен Аймен Касенов азырынча бул кенди иштетүүнүн кажети жок деген ойду айтты. Ал эми көпчүлүгү ал иштесе дагы, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ачык-айкын иштеши керектигин билдиришти. 


Талапкер Канат Исаев бул кенге байланыштуу убагында Садыр Жапаровдун айтканын сынга алды:

 «Мен Жетим-Тоону руда боюнча Кытайга жеткирип, ошону менен анын карызынан кутулам дейт. Бул үчүн чоң деңгээлдеги экономист болуштун кажети жок. Барыбыз билебиз, экономикабызды көтөрөбүз десек, ички өндүрүштү көтөрүшүбүз керек. Элестетип көргүлө, «Кумтөр» фабрика курбай туруп, руда боюнча Канадага алып кетсе эмне болот эле? Ошол 3000 жумуш оруну болот беле? Эгерде Жетим-Тоону иштете турган болсок дагы, ошол жерге фабрика-завод курулуш керек. Кыргызстандыктарга жумуш оруну түзүлүш керек. Салык төлөнүш керек. Руда боюнча кете турган – бул Максимдин убагындагы долбоор. Руда боюнча алып кете турган болсок, бул элибизге, мамлекетибизге жасалган кыянатчылык». 


Канат мырзанын айтымында Жетим-Тоону руда боюнча иштетүү Максимдин долбоору экенин 2015-жылы эле Алманбет Шыкмаматов парламентте билдирген экен. Азыр Шыкмаматов Нарын облусу боюнча С. Жапаровдун штабын жетектейт. Ошондон улам Адахан Мадумаров азыркы тапта Шыкмаматов ушул кенди руда боюнча иштетүү тууралуу көз карашы кандай экенине кызыкты. 


Соңку сөз

Дебаттагы айтылган көз караштарды, пикирлерди жыйынтыктай келгенде, өлкөбүздө чечилбей турган маселе жок экенин түшүндүк. Баарын чечсе болот. Болгону ал үчүн адилеттүүлүк, мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук керек. 

Экинчи жагынан алып караганда, бул дебатка жалаң Садыр Жапаровго каршы маанайдагы талапкерлер чогулуп алгандай таасир калтырды. Балким, алардын арасына Садыр мырза кошулганда дебаттын жүрүшүнүн өңүтү кандай нукка өзгөрөт эле деген да суроо жаралат. Өңдү көрсө жүз таят болбойт беле?


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн