Президенттикке талапкер Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал мындан ары шайлоо өнөктүгүнө катышпай турганын жана бул өзүнүн гана чечими экенин билдирген. Ал бардык колдоочуларына ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын өнүгүшүнө ар дайым колунан келген салымын кошо турганын кошумчалаган.
Эске салсак, мындан ары президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышат.
Пикирлер (1)