27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага келди. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка таянсак, эки өлкөнүн президенти бүгүн, 28-ноябрда жолугушуу өткөрөт.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев 20-ноябрда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип, 26-ноябрь күнү ант берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн