Бугу 21, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Президенттин Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

25.06.2020 12:22
1198
Президенттин Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты


Кечээ, 24-июнда Москвадан келери менен президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошону менен бирге Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн