Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:02
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволордун кирешеси 30%га өстү

31.10.2023 17:42
290
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволордун кирешеси 30%га өстү


Бүгүн, 31-октябрда КР президентинин Иш башкармалыгына караштуу ведомстволук уюмдардын 9 айлык финансылык жана чарбалык ишмердүүлүгү боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, президент койгон талаптар толугу менен аткарылып, жыл башында түзгөн план боюнча ишканалардан түшкөн киреше 107,2%ды түздү. Ошентип, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 58,7 %га өскөн.

"Ал эми бизге караштуу бюджеттик уюмдардын планы 99,9%га аткарылган, былтыркыга салыштырмалуу киреше 30,3%га көбөйгөн. Иш башкармалыкка караштуу өзүн-өзү каржылаган ведомстволук уюмдар берилген планды 108,8%га аткарышып, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен салыштырганда киреше 65,9%га өскөн", - деп жазды ал.

Туманбаев белгилегендей, жарым жыл аралыгында Иш башкармалыктын өзүндө жана карамагындагы ишканаларды санариптештирүү иши активдүү жүрүүдө. Алсак, "Кыргыз деңизи" жана"Аврора" санаторийлери, "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманканалардын эшиктерине акылдуу (умный) кулпулар орнотулду, эми ким кирип чыкканын каалаган жерден көзөмөлдөп турсак болот. Мындан тышкары, ишканаларды накталай эмес төлөмгө өткөрүү жана башка санариптештирүү иштери кызуу жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн