Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн,
10-июнда Ош шаарында келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздай
турган жана электробустарды чыгара турган «Кыргыз Унаа Курулуш» заводуна барды.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, завод өз ишин баштады.
Аталган ишкана ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү, ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 миңге жетет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн