Баш оона 23, 2025
Убакыт: 06:31
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.070
1.100

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты

16.05.2024 11:30
299
Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты


Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү алмашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Айтмурзаев Нурлан Ташмурзаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып Кемелова Динара Амантуровна КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн