Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 06:08
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Президенттин ЖКдагы өкүлү депутаттарды кайрадан какты

24.02.2021 11:12
1077
Президенттин ЖКдагы өкүлү депутаттарды кайрадан какты


Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Анда Президенттин ЖКдагы өкүлү депутат Дастан Бекешев менен кайым айтышты. 


«Акыркы мезгилде кармалгандардын бардыгы жана баш коргоо чарасы мыйзамдуу», - деди президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди


Ал айрым эл өкүлдөрүнүн, атап айтканда Дастан Бекешевдин ИИМдин экс-орун басары Курсан Асановду үй камагына бошотуу, жана депутат Карамушкинанын Фарид Ниязов жана Абдил Сегизбаев тууралуу айткан сөздөрүнө жооп берип жатып билдирген.


Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин өкүлүн депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүнө комментарий бербөөнү суранды.


«Мен комментарий берген жокмум, жооп берип жатам. Сиз антип бузбаңыз мени», – деди Калматов.


Анын айтымында, эл өкүлдөрү бийликти жана укук коргоо органдарын саясий куугунтукка айыпсыз айыптап жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн