Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Президенттин аппараты башкы штабка ЖМК менен иштөө форматын кайра кароону сунуштады

14.04.2020 14:04
950
Президенттин аппараты башкы штабка ЖМК менен иштөө форматын кайра кароону сунуштады


Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранат.


Ошону менен катар республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгиленет билдирүүдө. 


Ошондой эле өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттай турганы да айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн